Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:49

Швецария айылга укуктук жардамын улантат


БИШКЕК. Швейцария өкмөтү айыл чарбасына укуктук колдоо көрсөтүү максатында Кыргызстанга 2006-жыл үчүн 1 миллион 40 миң доллар бермей болду. Бул долбоорду кошумча каржылоо үчүн АКШнын ЮСАИД агенттиги 300 000 доллар бөлөт. Макулдашууга Кыргызстан менен кызматташуу боюнча Швейцария бюросунун туруктуу өкүлү Урс Херен менен Кыймылсыз мүлккө укуктук каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы Адамжан Жолдошев кол коюшту. Бул тууралуу жума күнү айыл чарбасына колдоо көрсөтүү боюнча коомдук бирикменин кеңсесинен билдиришти. Бул айыл чарбасына укуктук колдоо көрсөтүү долбоорунун үчүнчү фазасы. Долбоор 2000-жылы ишке кирген. Аны өлкө боюнча аталган бирикменин 22 филиалы ишке ашырат. Ал жерге менчикке, кредитке, күрөөгө, кайра бөлүштүрүүгө, мураска калтырууга, жер менчигинин чегараларын бөлүштүрүүгө, салыкка байланышкан маселелерде айыл тургундарына көмөк көрсөтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG