Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:46

Тил комиссиясы жарнак-көрнөктөрдүн абалына нааразы


БИШКЕК. 24-июнда Бишкекте Президенттин алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын демилгеси менен семинар өттү. Анда көрнөк-жарнактарды жазуу тартиби талкууланды. Мамлекеттик катчы, мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Дастан Сарыгуловдун пикиринде, көрнөк-жарнактарды мамлекеттик тилде жазууга көнүл бурулган жери жок. Кыргыз тилинде жазылган көрнөк-жарнактарда тил эрежеси, маданияты сакталган жери жок. «Кыргыздын руху сезилген жери жок” деп билдирди Дастан Сарыгулов. Семинарда негизги баяндаманы Юстиция министринин милдетин аткаруучу Эркин Мамыров, «Кыргыз патенттин» төрагасы Роман Оморов жасашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG