Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Бермет Акаева соттун чечимине нааразы


БИШКЕК. Биринчи май райондук соттун чечимин жокко чыгаруу максатында Бермет Акаева Жогорку Сотко арыз менен 22-июнда кайрылды. Бул тууралуу 24-июнда «Кыргызинфо» агенттиги жазып чыкты. №1-Университет шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан Бермет Акаеванын депутаттык мандатын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо кампаниясы учурунда мыйзам бузууларга жол берген деп, май айында алып койгон. Шайлоокомдун мындай чечимин жокко чыгаруу максатында Акаева Биринчи май райондук сотуна арыз берген. Бирок райондук сот Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин туура деп тапкан.

XS
SM
MD
LG