Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:39

ТИМ: Өзбекстандык бозгундар тыкан текшерүүдөн өтөт


БИШКЕК. Кыргызстанга ооп келген бозгундар Өзбекстан тарапка өткөрүлүп берилбейт. Мындай билдирүүнү вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов жана Тышкы иштер министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Таалай Кыдыров жума күнү билдиришти. Мындай билдирүү таралышына Анжиян окуясында ооп келген бозгундардын кылмыш жасагандыгынан шектелген 29у Өзбекстан күч структураларына өткөрүп берилери тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматы негиз берди. Таалай Кыдыровдун айтымында, 29 адамдын маселеси эл аралык нормаларга ылайык эл аралык уюмдардын катышуусунда үч тараптуу тыкат иликтенгенден кийин чечилет. Бул максатта Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар боюнча башкы комиссарлыгынын башкы ассистенти жакын аралыкта Бишкекке келери күтүлүүдө. Учурда Анжиян окуясынын учурунда ооп келгендердин саны 444. Өзбекстан тарап аларга байланыштуу Кыргызстан менен сүйлөшүүнүн экинчи этабын баштоону сунуштоодо. Ал эми Кыргызстан тарап өткөрүп алган бозгундарга куугунтук жасабай тургандыгына, аларды териштирүүгө эл аралык уюмдардын катышаарына кепилдик берүүнү сунуштоодо. Белгилеп койчу жагы, июнь айынын башында Кыргызстан тарап Өзбекстандын атайын кызматтарына төрт качкынды өткөрүп берген.

XS
SM
MD
LG