Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

ПРЕЗИДЕНТ БУШ ЭЛДИН ПИКИРИН ЭСКЕ АЛАБЫ?


Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш саясатын аныктаганда элдин пикирин сурап билүүлөрдү, ар кандай сурамжылоолорду эске албай турганын айтып келет. Албетте, Буш Ирак кризиси тушунда Европаны каптаган антиамерикалык демонстрацияларга көңүл да бурган эмес. Дүйнөнүн 16 өлкөсүндө өткөрүлгөн сурамжылоо көргөзгөндөй, Американын аброюна жалгыз гана Ирак согушу эмес жалпы эле антитеррордук кампания, анын ичинде Гуантамо бэй түрмөсүндөгү мыйзам бузуулар терс таасир тийгизген.

Эки абройлуу эларалык укук коргоочу уюмдар – Хьюман Райтс Уотч жана Эмнести Интернешнл Кубадагы америкалык абакта туткундарга ыдык көрсөтүү, атүгүл кыйноолор орун алып жатканын айтып чыгышкан. Ага удаа АКШдагы белгилүү конгрессмендер, өлкөнүн мурдагы президенттери түрмөнү жабуу чакырыктарын жасашты.

Анын аралыгында, Иракта козголоңчулардын кол салууларынан күн сайын бейкүнөө ирактыктар, аскерлер, полициячылар, америкалык жоокерлер каза таап жатышат. Ооганстанда да соңку 3 айдын ичинде талиптердин жана Ал-Кайиданын согушкерлеринин колунан АКШлык 29 аскер, Ооганстандын өкмөттүк армиясынын 40ка жакын жоокери, 100дүн айланасындагы карапайым киши набыт кетти.

Кошмо Штаттардын вице-президенти Дик Чейни Ирактагы согуш, Гуантанамо бэйдин айланасындагы жаңжал Американын аброюна шек келтирбейт деп санайт.

Кошмо Штаттарынын Пью Изилдөө борбору жүргүзгөн сурамжылоо анын сөздөрүн төгүнгө чыгарат. Сурамжылоонун жыйынтыктарына ылайык, Иракты басып алуу, Американын андан кийнки урушту, дегеле терроризмге каршы глобалдуу согушту жүргүзүүсү өлкөнүн кадыр-баркына чоң залака келтирди.

- Изилдөөнүн таң калычтуу жыйынтыгы – европалыктар арасында АКШга караганда Кытайдын аброю жогорураак, - дейт борбордун директору Эндрю Кохут.

Вашингтондо өткөн пресс-конференцияда Кохут соңку эки жылда Батыш европалыктардын АКШга карата мамилеси жакшырган жок деди. Сурамжылоого катышкан мусулман өлкөлөрүнүн өкүлдөрү да Америка жөнүндө жылуу сөз айтышпайт.

Ал эми Россия менен Польшанын, Индия менен Индонезиянын тургундары тескерисинче, АКШга позитивдүү карашат. Дүйнөнүн эң ири мусулман өлкөсү Индонезия былтыркы цунамиден кийин Америкадан миллиондогон доллар жардам алган.

Кохуттун айтымында ошол жардам жана Буш администрациясынын демократиялык аракеттери көпчүлүк өлкөлөрдө оң кабыл алынган:

- Кошмо Штаттардын айрым иш-аракеттери, маселен, цунамиден жабыркагандарга жардам көрсөтүү, президент Буштун Жакыңкы Чыгышта демократияны өнүктүрүү чакырыктары дүйнөнүн көп жерлеринде колдоо табууда.

Сурамжылоо айкын кылгандай көпчүлүк Кошмо Штаттары дегенде америкалык эл эмес Буш администрациясы тууралуу сөз кылат. Респонденттердин көбү америкалыктарды башын көтөрбөй иштеген, чыгармачыл адамдар катары сыпатташат. Бирок кээ бирлери америкалыктар ачкөз жана кербез болот дешет. Ал эми сурамжылоого тартылган мусулмандар аларды ыймансыз деп эсептешет.

Пью борбору өткөргөн пресс-конференцияга мурдагы сенатор Жон Данфорт жана Билл Клинтондун тушунда мамлекеттик катчы кызматын ээлеп келген Мэдлин Олбрайт да катышты. Алар ушундай изилдөөлөрдүн маанилүүлүгү тууралуу ой бөлүшүштү.

Олбрайттын айтымында, бул сурамжылоо Буш администрациясы үчүн “жол картасы” болуп калышы керек:

- Биз гуманитардык иштерге көбүрөөк катышсак, демократияны таңуулабастан аны жөн гана колдосок, аброюбузду көтөрө алабыз. Саясатыбызды аныктап жатканда башка өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын да эске алуу зарыл. Албетте, Ирактагы согуштун оң жыйынтыгы өтө маанилүү.

Сурамжылоо быйыл апрель-май айларында 16 өлкөдө, анын ичинде Кошмо Штаттардын өзүндө да өткөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG