Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:45

Кытай басылмалары: баңгизат соодагерлери өлүм жазасына тартылды


Бээжин. Тымызын баңги соодасы менен алектенген 22 кылмышкер соңку эки күндүн ичинде өлүм жазасына тартылгандыгын Кытайдын өкмөттүк басылмалары бүгүн жазып чыкты. Өлүм жазасына өкүм кылынгандар оболу аянттарга чогулган калайыктын алдынан жетеленип өткөрүлгөнү, андан соң өкүм жүзөгө ашырылганы кабарларда айтылган. Жекшембиде Баңгичиликке каршы күрөштүн эл аралык күнү белгиленет. Айтмакчы, Кытайда канча киши өлүм жазасына тартылгандыгы тууралуу маалымат мамлекеттик жашырын сырга жатат. Кыргызстанда болсо өлүм жазасына мораторий жыл сайын жаңыланып келет, бирок коомчулукта бул жазаны жоюу талабы улам курч коюлууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG