Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:15

АЙДАР АКАЕВ ЖООПКО ТАРТЫЛАБЫ?


Азиза Турдуева, Бишкек 23-июнда Кыргызстандын Баш прокурору экс-президент Аскар Акаевдин уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Айдар Акаевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берүүнү парламенттен сураган. Мыйзамга ылайык, бул маселени депутаттар бир айдын ичинде кароого тийиш. Айдар Акаевге кандай айыптар коюлууда жана анын жоопко тартылышына депутаттар кандай карашат?

Конституциянын 56-беренеси жана «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин депутатынын үстүнөн кылмыш ишин Баш прокурор гана козгой алат. Ал эми депутатты жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек. Ошондуктан бейшембиде Баш покурор Азимбек Бекназаров парламентке мындай өтүнүч менен кайрылды:

- Урматтуу депутаттар! Сиздер жакында каникулга тарайсыздар. Ошондуктан, Жогорку Кеңештин депутаты Айдар Акаевди жоопко тартуу үчүн макулдугуңүздарды беүүнү өтүнөм .

Баш прокурор билдиргендей, ушул жылдын 10 майында Башкы прокуратура тарабынан Айдар Акаевдин үстүнөн кызматтык абалынан пайдаланып, мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу үчүн жаза каралган Кылмыш Кодексинин 183-беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. 23-майда Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан, 20-июнда Башкы прокуратура тарабынан Айдар Акаевге Кылмыш Кодексинин 170-и жана 190 –беренелеринин негизинде зомбулук көрсөтүү аркылуу мажбур түрдө бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактылары боюнча кылмыш иши козголгон.

Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөргө ылайык, Айдар Акаев 2001-2005-жылдары каржы министрлигинде министрдин кеңешчиси жана министрликтин башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген мезгилде Ысыккөл районундагы Бостери айыл өкмөтүнүн аймагында курорттук-дарылоо комплексин курууга 50 млн. 476 миң сом которгон. «Нарын» ресторанынын 53 пайыз акциясын мажбурлоо менен арзан баада сатып алуу боюнча мыйзамсыз ишке катышкан. Тергөө учурунда ошондой эле Айдар Акаевдин катушуусунда жасалган башка мыйзамсыз иштер да тастыкталган.

Ал эми Айдар Акаевдин мүлкү жөнүндөгү декларацияда 2001-2002-жылдын аралыгында 76 миң сом жана 128 миң өлчөмүндөгү жылдык маянасы гана белгиленген. 2003-жылы декларацияланган мүлкүнүн ичинде түстүү телевизор, магнитофон жана 128 миң өлчөмдөгү эмгек акысы жөнүндө айтылган.

Бекназаров белгилегендей, Айдар Акаевди кылмыш жообуна тартуу үчүн негиз бар:

- Бүгүнкү күндө Айдар Акаевди кылмыш жообуна тартуу үчүн жетиштүү далилдер топтолду деп эсептейм.

Баш прокурор ошону менен бирге Айдар Акаевге тиешелүү делген Ысыккөлдөгү пансионаттар боюнча азырынча тергөө иштери жүргүзүлө элек деп билдирди.

Ал эми экс-президент Аскар Акаев буга чейин өзүнүн адвокаты Максим Максимович аркылуу анын үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктү текшерүү боюнча түзүлгөн комиссия тарабынан конкреттүү күнөөлөр койо алган жок деп билдирген.

Биз Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарына Баш прокурордун Айдар Акаевге байланыштуу өтүнүчүнө байланыштуу кайрылдык. Алардын басымдуу бөлүгү эгерде кылмыш жасагандыгы далилденсе, ошол адам парламенттин депутаты болгондугуна карабастан, жоопко тартылышы керек деген пикирлерин билдирити.

Жогорку Кеңештин төрага орун басары Болот Шерниязов буга байланыштуу мындай дейт:

- Жогорку Кеңешке депутаттык кол тийбестик үчүн гана шайлануу керек эмес. Эгерде депутат тарабынан мыйзамсыз иштер жасалса, ал сот алдында жооп бериши керек. Эми Бекназаровдун өтүнүчү боюнча комиссия тузүлөт. Ал прокуратуранын материалдарын карап чыгат. Мен ойлойм, депутаттар өздөрүнүн калыс пикирин билдиришет.

Депутат Айдар Керимкулов болсо мындай пикирде:

Депутат болобу, президент болобу, карапайым адам болобу, ар бир адам мыйзам алдында тең жооп бериши керек. Бул жерде сөз кимдир бирөө жөнүңдө эмес, принцип жөнүндө болушу керек.

Баш прокурордун Айдар Акаевге байланыштуу өтүнүчү боюнча маселени чечүү 23-июнда тиешелүү комитетке тапшырылды.
XS
SM
MD
LG