Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Урмат Барктабасовдун укугун Кыргызстандагы элдин ар-намысын жана абийирин коргоо комитети коргоодо


БИШКЕК. 25-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кыргызстандагы элдин ар-намысын жана абийирин коргоо комитетинин президенттикке талапкерлигин койгон Урмат Барктабасовдун укугунун бузулушуна байланыштуу арызын карады. Комитет соттон Борбордук шайлоо комиссиясынын Урмат Барктабасовду Казакстандын жарандыгын алгандыгынын негизинде президенттикке талапкер катары каттоодон баш тарткан 13-июндагы токтомун мыйзамсыз деп табууну жана Борбордук шайлоо комиссиясын Урмат Барктабасовду Кыргызстандын президенттигине талапкер катары каттоону милдеттендирүүнү өтүнгөн. Арыз судья Бекболот Жаналиевдин төрагалыгында каралып, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Урмат Барктабасовдун президенттикке талапкер катары катталбагандыгын мыйзамдуу деп тапты.

XS
SM
MD
LG