Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:02

Президенттик шайлоого миңге жакын чет өлкөлүк байкоочулар катышат


БИШКЕК. Кыргызстанда 10-июлда өтө турган президенттик шайлоого миңге жакын чет өлкөлүк көз карандысыз байкоочулар катышат. Борбордук шайлоо комиссиясынан алынган маалыматтарга караганда, президенттик шайлоонун жүргүзүлүшүнө көз карандысыз байкоо жүргүзүүгө Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунан, Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынан, Шанхай коопсуздук кызматташтык уюмунан, КМШ өлкөлөрүнөн, жалпысынан 30га жакын мамлекеттен байкоочулар келишет. Алар өлкөнүн бардык аймактарында шайлоонун жүргүшүнө байкоо салышып, шайлоонун жыйынтыгы боюнча отчетторун жарыялашат. Президенттик шайлоого ошондой эле 15 миңге жакын жергиликтүү көз карандысыз байкоочулар катышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG