Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:52

Бабанов Үсөнөв менен соттошууга даяр


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов өлкөнүн вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнөвго тиешелүү компаниялар салыкты аз өлчөмдө төлөгөңдүгүнө байланыштуу айтканын сот аркылуу далилдөөгө даяр. Бул тууралуу 25-июнда депутат Өмүрбек Бабанов «Азаттык» радиосуна мындайча билдирди:

-Мен эмне үчүн Данияр Үсөнөвго тиешелүү компаниялар салыкты аз төлөгөн деген маселени көтөрүп айтканмын. Буга байланыштуу сотко берсе - ал ар бир адамдын укугу. Сот аркылуу айткан сөздөрүмдү далилдеп берүүгө даярмын.

24-июнда Данияр Үсөнөв парламентте Өмүрбек Бабановду Үсөновдун айрым компанияларга тиешеси бар жана ал Казакстандын атуулу деп айткандыгы үчүн сотко берээрин маалымдаган. Ал эми Өмурбек Бабанов Данияр Үсөнөв кайсы мамлекеттин жарандыгын алгандыгына кызыкпагандыгын жана бул маселе боюнча сөз кылбагандыгын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG