Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:13

Кылмышкер деп шектелген качкындар өзбек тарапка өткөрүлүп берилиши ыктымал


Бириккен Улуттар уюмунун качкындар боюнча башкармалыгынын эксперттери бир аптанын ичинде кылмыш жасагандыгынан шектелген Кыргызстандын аймагындагы 29 өзбекстандык бозгунга байланыштуу өз бүтүмүн билдирүүгө тийиш. Андан кийин гана бул бозгундар Өзбекстанга өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу 25-июнда Баш прокурор Азимбек Бекназаров «Азаттыкка» билдирди. Ал ошондой эле бир аптанын ичинде бул маселе боюнча БУУнун качкындар башкармалыгынан жооп болбосо, кыргыз тарап 29 бозгунду бир тараптуу Өзбекстанга өткөрүп берүүгө мажбур болоорун белгиледи. Баш прокурордун айтымында, кыргыз тарап БУУнун качкындар боюнча башкармалыгынан Анжиян окуясына байланыштуу Кыргызстанга качып келүүгө мажбур болгон өзбек атуулдарын үчүнчү өлкөгө өткөрүү боюнча аракеттерди ылдамдатууну өтүнүүдө. Качкындар маселеси эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге да кедергисин тийгизиши ыктымал, - дейт Азимбек Бекназаров.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG