Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:21

Жалалабаттын прокуратурасы экс-президент А. Акаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү ишканаларды иликтөөдө


ЖАЛАЛАБАТ. Облустук прокуратура “Мээрим” фондунун облустагы беш мекемеси боюнча Кылмыш кодексинин 304 жана 305- беренесине ылайык тергөө иштерин жүргүзүүдө. Облустун прокурору Байтемир Ибраевден алынган маалыматка караганда, 2001-2005-жылдары Ноокен райондук жергиликтүү бийлиги балдардын ден соолугун чыңдоочу борборду фонддун райондук бөлүмүнө акысыз өткөрүү менен бөлүмгө 842 миң сомду мыйзамсыз чегерген. Ал эми “Мээрим” фондусуна Жалалабат шаары 1 миллион 164 миң сом, Сузак району 1 миллион 243 миң сом, Ташкөмүр шаары 458 миң сом, Аксы району 398 миң же беш аймак республикалык жана жергиликтүү казынадан фондго 4 миллион 105 миң сом жумшаган. Андан тышкары Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнүн менчиктеринин тизмесинде турган Жалалабаттагы пахта заводунун да ээси ким экени териштирилүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG