Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Темир жолчулардын ачкачылык акциясы уланууда


18-июнда Бишкекте Максим Горький атындагы аянчада темир жолчулардын 7-июнда башталган ачкачылык акциясы улантылды. Учурда темир жол башкармалыгынын 7 кызматкери ачкачылыкта отурат. Нааразылык чарада отургандар башкармалыктын жетекчилигине адисти дайындоо, азыркы башчысы Кыдыкбек Исаевди кетирүү талабы менен отурушат.

Бул тууралуу ачкачылыкта отургандардын бири Эрнис Докенов «Азаттыкка» мындай деди:

- Биз ачкачылык акциябызды улантып жатабыз. Талабыбыз - темир жол башкармалыгына чыныгы адисти коюшсун. Башкармалыкта иштеген 5 миң адамдан жетекчиликке бир адам жокпу экен? Биздин тармакты адис башкармайынча, андагы абал оңолбойт. Бирок өкмөт биздин талапка көңүл бөлбөй жатат. Маалымат каражаттарына да жогору жактан ачкачылык жөнүндө чагылдырбагыла деген көрсөтмө түшүптүр. Ошондуктан, биздин акция тууралуу маалымат каражаттары, телевидение айтпай жатышат.

Ал эми башкармалыктын жетекчиси Кыдыкбек Исаев ачкачылыкта отургандардын талаптары негизсиз деген пикирде. Өкмөттүн маалымат кызматынан болсо маалымат каражаттарына бул ачкачылык акция тууралуу чагылдырбоо жөнүндө көрсөтмө берилбегендигин билдиришти.

XS
SM
MD
LG