Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:29

Конституциялык кеңешменин өкүлдөрү жер-жерлерге барышат


БИШКЕК. 27-июндан тарта Конституциялык кеңешменин өкүлдөрү Баш мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча долбоорду жер-жерлердеги жолугушууларда талкуулап, түшүндүрмөлөрдү беришет. Бул тууралуу 26-июнда Конституциялык кеңешмеден билдиришти. Конституциялык кеңешме тарабынан иштелип чыккан долбоорго ылайык, президенттин ыйгарым укуктары кыскартылып, ал эми өкмөт башчысы менен парламенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген. Долбоордо талаш-тартыштарды Кыргызстанда президенттик шайлого байланыштуу мөөнөткө, Баш мыйзамга толуктоолор менен өзгөртүүлөр Жогорку Кеңеш тарабынанбы же элдик референдум аркылуу киргизилиши керекпи деген маселелер да пайда кылган. Ал эми айрым саясий партиялар президенттик шайлоодон кийин кайрадан Конституциялык кеңеш түзүлүп, өлкө башчысынын катышуусунда Баш мыйзамга толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жаңы долбоор иштелип чыгууга тийиш деген пикирлерин айтышууда.

XS
SM
MD
LG