Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

Пакистандын Пенжаб провинциясында автокырсыктан 11 киши каза тапты


Пакистандын Пенжаб провинциясында автокырсыктын 11 киши курман болуп, 30 чакты киш жаракат алды. Жарадар болгондордун алтоонун акыбалы өтө оор. Полициянын билдиргенине караганда, жүргүнчү ташыган чакан автобус алдыдагы унааны кубалап өтөм деп теке маңдайдан чыккан тракторду сүзүп алган. Пакистанда андай автокырсыктар көп болот, анткени өлкөнүн жолдору начар акыбалда. Анын үстүнө автоунаа айдоочулардын кесиптик даярдыгы да көп учурда талапка төп келбейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG