Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:33

Баян Жумакадыр кызы, Прага Ирандын тышкы иштер миинстрлиги Жекшемби күнү жасаган билдирүүсүндө өлкөнүн тышкы саясатында өзгөрүүлөр болбой турганын маалымдады. Министрликтин өкүлү Хамид Реза Азефи Иран өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү Еврошаркет өлкөлөрү менен уланта турганын билдирди.

Ирандын тышк иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, жаңыдан президент болуп шайланган Махмуд Ахмат Инежаттын тушунда өлкөнүн ядролук саясаты өзгөрбөйт. Билдирүү Британия, Франция, Германиянын жана дагы башка өлкөлөрдүн жетекчилиги Ирандын ядролук программасы боюнча тынчсыздануусун билдирген соң жасалды. Иран тышкы иштер министрлигинин өкүлү Реза Азефи Тегеранда журналисттерге буларды билдирди:

- Ядролук саясат бул биздин макросаясатыбыздын бир бөлүгү, бул тармактагы чечимдер мунасанын негизинде кабыл алынышы абзел. Президенттин алмашуусу менен бул тармактагы саясат өзгөрбөйт. Биз дагы эле Еврошаркеттин чечиминин жарыялануусун күтүп жатабыз. Сүйлөшүү жана соодалашуу жолу менен орток пикирге келүүгө үмүттөнөбүз. Биздин көз карашыбызда биздин укугубуз сүйлөшүүдө кепилденип, эске алынуусу керек. Ядролук технологияны тынчтык максаттарда колдонуу жөнүндөгү Париж келишиминин беренелери аткарылууга тийиш.

Ошону менен бирге эле өкүл эл аралык коомчулукка кайрылып, президент болуп шайланган Ахмад Инежат өзүнүн прогаммасын жарыялаганга чейин сабырдуу болуусун өтүндү.

Президент болуп шайланганга чейин Ахмад Инежат Иранга кара санабаган бардык өлкөлөр менен диалогду уланта турганын билдирген. Ошону менен бирге эле ал АКШ менен алакада болуу Иран элинин маселелерин чече койбосун баса белгилеген.

Инежат президент болуп шайлангандан бери эл аралык коомчулукта Ирандын тышкы саясаты жөнүндөгү тынчсыздануулдар күч алып баратат. Батыш Ирандын тышкы сасяий позициясы катаңдап, батыш менен ирандын ортосундагы таймаш күч алат, деп чочулоодо. Изарилдин вице-премьери Шимон Перес Ахмад Инежаттын шайлануусу эл аралык коомчулукка кошумча баш ооруларды жаратат, деп билдирди.

Бирок Тегерандык аналитик Махмуд Алинежат мындай пикирилерге кошулбайт.

- Анын негизги максаты Иранда кедейлердин кызыкчылыгын коргогон экономикалык реформаларды ишке ашыруу. Ал байлыктын бир ууч кишинин колунда топтолуусу, саясий күч менен бийликтин да бир ууч кишинин колуна топтолуусуна алып келгендигин баса белгилөөдө.

Бирок Тегерандагы бардык эле карапайым кишилер ушундай көз карашта эмес. Беймаалым калууну каалаган бир карапайым жолоочу, журналисттин суроосуна мындайча жооп узатты:

- Мен өз мекенимдин келечегине ишенбейм. Менимче абал мындан да начарлайт. Мындан сегиз жыл мурда реформаларды баштан кечирдик эле. Эми биз бул реформаларды парсы килеми сыяктуу түрүп, жыйнаштырып койуп, мындан сегиз жыл мурдагы, а баликим революция жаңы болгон жылдардагы абалга кайра кайтмакчыбыз.
XS
SM
MD
LG