Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:09

Конституциянын жаңы редакциясы талкууланды


ТАЛАС. Конституциялык кеңешменин мүчөсү, адвокат Токторбек Ашыркул уулу жана Кыргыз өкмөтүнүн жооптуу кызматкери Эрлан Асановдун катышуусундагы талкууда бийликтин үч бутагына көзөмөл жүргүзүүдө Элдик курултай институтун киргизүү жана соттордун ишин көзөмөлдөөчү комитет түзүүнүн тегерегинде пикир алышуу кызуу маанайда өттү. Талкуунун айрым катышуучулары Жогорку Кеңеш өзүнө көбүрөөк укуктарды ээлеп алып жатат дешсе, айрымдары Жогорку Кеңешти таратып, жаңы долбоордо сунуш кылынган партиялык тизме боюнча депутаттардын жарымын бир мандаттуу округдар боюнча, жарымын шайлоо пикирлер айтылды. Президенттин мөөнөтү боюнча да пикир эки ача болуп, бир тарап беш жыл десе, экинчи тарап 10 жылга эки иреттен ашык шайланбасын дешти. Айтылган сунуштар жазуу жүзүндө да топтолду. Конституциянын жаңы тексти калк арасында акысыз таратылып жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG