Линктер

logo-print
жума, 02-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:57

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы байкоочуларды даядоого киришти


ЖАЛАЛАБАТ. Коалициянын президенттик шайлоого карата кыска мөөнөттөгү көз каранды эмес байкоочуларды даярдоо өнөктүгү облустун 4 районунда башталды. Сузак, Алабука, Тогузторо, Токтогул райондорундагы байкоочулар укук милдеттерин, президенттикке талапкерлер менен шайлоо штабдарынын жана ишенимдүү адамдарынын үгүт иштерин жүргүзүү, жергиликтүү бийлик менен округдук участкалык шайлоо комиссияларынын, коомдук жана бейөкмөт уюмдардын коомчулуктун иш аракеттери менен шайлоону даярдоо, өткөрүү, мыйзам бузууларды каттоо жана аларды жеринде чечүү иштери көзөмөлдөөнүн ыкмаларын үйрөнүштү. Мындай маалымат коалициянын облустагы координатору Чолпон Эргешовадан алынды. Чолпон Эргешованын кошумча маалыматына ылайык, коалиция облустун район, шаарларында бул жолу кыска мөөнөттүү 620 байкоочуну даярдайт. Шайлоо өнөктүгүнө көз салган узак мөөнөттөгү 26 байкоочунун билдиришинче, участкалык шайлоо комиссияларын түзүүдө айыл Кеңеш сессиялары бир топ кемчиликтерди кетиришкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG