Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Президенттикке талапкер милицияга нааразы


БИШКЕК. Чолпоната шаардык милиция кызматы 22-июнда болгон автокырсыкты жетиштүү деңгээлде иликтебей жатат. Мындай билдирүү менен дүйшөмбүдө «КДК» саясий партиясынын төрагасы, президенттикке талапкер Жыпар Жекшеев «Азаттыкка» кайрылды. Анын айтымында, Жекшеев «Мазда» үлгүсүндөгү жеңил автоунаа менен Ысыккөл районунун Ананьево айылында жолдо баратканда аны ак түстөгү чакан автоунаа сүзүп кеткен. Муну атайын кимдир бирөө тарабынан уюштурулган деп эсептеп, ал дароо жергиликтүү милиция кызматына арыз берген. Жергиликтүү милиция бул факт боюнча иликтөө жүрүп жаткандыгын, бирок, шектүү автоунаа жана анын айдоочусу табылбай жаткандыгын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG