Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

БШК Кочкордо шайланган депутатты тааныды


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы №34-Кочкор шайлоо округунан көпчүлүк добуш алган талапкер Рахатбек Ирсалиевге берилген добуштардын тыянагын тааныды. Буга байланышкан маселе БШКнын 27-июнда өткөн отурумунда каралды. 27-февралдагы парламенттик шайлоодо Кочкор шайлоо округунда добуш берүү өткөн эмес. Буга округдагы шайлоочулардын нааразылыктары себеп болгон. Ал эми 13-марттагы экинчи айлампада экс-талапкер Акылбек Жапаровдун шайлоочулары берген бардык талапкерлерге каршы добуштары көпчүлүктү түзгөн. Үчүнчү жолу дайындалган шайлоонун 20-мартта өткөн экинчи айлампасында Рахатбек Ирсалиев экс-талапкер Нурлан Жапаровдон көп добуш топтоп, жеңишке жетти.

XS
SM
MD
LG