Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:09

Жогорку Кеңеш депутат Айдар Акаевди кол тийбестик укугунан ажыратуу маселесин күзүндө карайт


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы эс алууга чейин депутат Айдар Акаевди кол тийбестик укугун ажыратып аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесин карашпайт. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, бул маселени иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлө элек жана комиссия түзүлсө да маселе бир айдан кийин каралат. Башкы прокурор Азимбек Бекназаров өткөн аптада депутат Айдар Акаев кол тийбестик укугунан пайдаланып, тергөө ишине тоскоол болуп жаткандыгын маалымдаган. Ошондой эле ал депутаттардан жайкы эс алууга кеткичекти Айдар Акаевди депутаттык кол тийбестик укугунан ажыратып, жоопко тартууга уруксат берүүсүн өтүнгөн. Кыргызстандын Конституциясына ылайык парламент депутаты Жогорку Кеңештин уруксаты менен гана жоопко тартылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG