Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:56

Тышкы иштер министри БУУ өкүлү менен жолукту


БИШКЕК. 27-июнда Бишкекте БУУнун Качкындар иштери боюнча комиссарынын орун басары Камел Моржанды тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева кабыл алды. Жолугушууда тараптар Анжиян окуясында Кыргызстанга ооп келген бозгундардын жагдайына байланыштуу пикир алмашты. Роза Отунбаева өз сөзүндө бул маселени ыкчам чечүү, бозгундарды шарт-жагдайы жакшыраак үчүнчү өлкөгө которуу зарылдыгын белгиледи. Бул өз кезегинде президенттик шайлоо алдындагы Кыргызстандагы жагдайдын да, Өзбекстандагы жагдайдын да бир ыктай болушун шарттамак. Камел Моржан уюм бозгундарды башка өлкөгө которуу камын көрүп жатканын, скандинавия өлкөлөрү өңдүү бир катар тараптар мындай демилгени колдоп жатканын билдирди. Уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Карлос Закагнининин айтымында, бозгундардын ичинен 110 киши текшерүүдөн өттү. Ал эми СИЗОдо отурган 29 адамдын 12си текшерилди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG