Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

27-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева Өзбекстандан келген качкындар маселеси кандай чечилип жаткандыгы тууралуу Улуттар уюмунун Качкындар маселеси боюнча улук комиссарынын орунбасары Кемаль Моржан мырза менен жолугушкандан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында айтып берди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаеванын айтымында, ушу тапта Өзбекстандан келген 400гө жакын качкындын макамы (статусу) аныкталууда.

Эларалык уюмдардын өкүлдөрүнүн аракети менен Оштогу убактылуу кармоо жайында турган 29 адамдын 12си, Сузак районундагы качкындар лагеринде тургандардын 120га жакыны сурамжыдан өтүп, качкын статусун алуучу адам деп таанылды.

Эларалык уюмдардын өкүлдөрүнүн кеңири сурамжысын аягына чыгарууга дагы бир жарым айдай убакыт талап кылынат. Бул иш-чара соңуна чыккандан кийин Оштогу убактылуу кармоо жайында жана качкындар лагеринде турган жарандардын статусу аныкталып, алардын тагдыры чечилмекчи.

Улуттар уюмунун Качкындар маселеси боюнча улук комиссары ушу тапта өзбекстандык бозгундарды үчүнчү бир өлкөгө жайгаштыруу маселесин ойлонуштурууда, деп маалымдады Роза Отунбаева.

Анын ырасташынча, азыркы ысык-жылуу күндөрдө Өзбекстандан келген качкындардын маселесин эртелеп аныктап алуу керек. Эртең эле кылычын алып кыш кирсе айдай талаада чатырда жашап жаткан 400дөй бозгундардын абалы кыйындары турган иш.

Өзбек өкмөтү лагерде жашап тургандардын текши баарын Анжияндагы окуяларды сырттан карап турган, кылмыштуу ишке тиешеси жок адамдар, аларды жерине кайтаруу керек деп эсептейт.

- (Ал өлкөдөгү) түрмөлөрдө кыйноо, азап-тозок деген маалыматтар айтылууда. Бирок биз азыр бул маселеге жете элекпиз. Мен бул тууралуу азыр эч нерсе айталбайм, -

Тышкы иштер министринин ырасташынча, ушу тапта Кыргызстан кысталыш кырдаалда турат.

- Ишенип койгула, биз кысталыш абалга капталдык. Жаңы өкмөт демократияга умтулгандыгын көрсөткүсү келет. Бирок жаныбызда кыйын кошуна турат. Бүт дүйнө азыр кысталыш кырдаалда турган чагы. Өткөрүп бергенге да болбойт. Антпейин десең башкалар таарынат. Дүйнө бизди катуу сынга алып жатат. Жаңы өкмөт жакшы иштебей жатасыңар деп атышат. Өзбекстан менен да коңшулук жакшы мамиледе калгыбыз келет. Ошол эле учурда жалпы дүйнөнүн катуу сынына кабылып отурабыз.

Өзбекстан өзүнө кайтарып алган 4 качкындын кийинки тагдыры белгисиз.

Роза Oтунбаева бул ишке тиешеси бар адамдарга кылмыш иши ачылып, ушу тапта тергөө жүрүп жатканын маалымдады. «Бул биздин кемчилигибиз», деп айтты ал.

Тажикстандагы атуулдук уруштан качып, 1994, 1995, 1996-жылдары Кыргызстанга 13 миңден ашуун адам качып келген.

Өзбекстандан качып келгендердин статусу бир жарым айдан кийин белгилүү болуп, аларга кайсы өлкөдөн башпаанек берүү маселесин Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар маселеси боюнча улук комиссарлыгы чечет.

Роза Отунбаеванын маалымдашынча, Оштогу убактылуу жайда кармалып аткан 29 адамдын коопсуздугуна байланышкан маселелер бар, ошондой эле президенттик шайлоо алдында аларды өз өлкөсүнө өткөрүп берүүгө кызыкдар адамдар да чыгууда.
XS
SM
MD
LG