Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:50

КАЧКЫНДАР ӨЗБЕКСТАНГА БЕРИЛБЕЙТ


Кыргызстанда Бириккен Улуттар уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссариатынын миссиясы иш сапары менен болду. Анын алкагында Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын орун басары Камель Моржан мырза Жалалабаттагы качкындар лагеринде болду. Ал жетектеген миссия өзбекстандык качкындардын тагдыры боюнча кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, башпаанек издеген адамдарды Өзбекстанга кайтарып бербөө жөнүндө макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Камель Моржан 27-июнда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын орун басары Камель Моржан мырза жетектеген миссия Кыргызстанга 26-июнда келип, иш сапарынын алкагында президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев, тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева жана бийликтин бир катар өкүлдөрү менен жолугушуп, өзбекстандык качкындардын тагдырын талкуулашты.

Маалымат жыйынында Камель Моржан өзбекстандык качкындарды өз мекенине кайтарып бербөө жөнүндө макулдашууларга жетишкендигин айтты:

- Мен бүгүн президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев менен жолгуштум. Ал бир да качкын өз ыктыярысыз Өзбекстанга кайтарылбайт деп ишендирди. Албетте, жыйынтыктарын көрөбүз. Жалалабаттагы качкындар лагеринде 2 саатка жакын болдум. Ал жерден качкындар менен сүйлөштүм. Лагердеги башпаанек издегендерди террорчулар, экстремисттер деп айта албайм. Качкындардын бардыгы күнөөсүз деп да кепилдик бере албайм. Бирок көпчүлүгү карапайым эле адамдар экен. Азыр Кыргызстанда да кырдаал татаал. Өзбекстан да Кыргызстанга кысым көрсөтүп жатканын билебиз. Биз качкындар маселесин чечүүдө Кыргызстанга өз колдообузду көрсөтөбүз.

Ал эми камакка алынган 29 качкын тууралуу айтып жатып, Камель Моржан мырза ар бир бозгун менен алардын статусун аныктоо максатында сүйлөшүү жүргүзүлүп жатканын билдирди. Ошондой Кыргызстандан башпаанек издеген адамдарды Австралия, Канада жана Скандинавия өлкөлөрүнө жиберүүгө аракеттер көрүлөөрүн айтып кетти.

Кыргызстандын Башкы прокурору Азимбек Бекназаров Улуттар уюмунун мындай сунушуна пикирин буга чейин “Азаттыкка” берген интервьюсунда төмөндөгүчө билдирген:

- Мен аларга силер камактагы 29 качкынга кабатыр болбогула деп айтып жатам. Биз аларды текшерип бүткөндөн кийин бары бир беребиз, силер калган 400 адамдын тагдырын чечкиле дедим. Булар да кылмышкерлер экен деп өздөрүнүн жыйынтыгын беришет, ошондон кийин биз качкындарды өз мекенине кайтарып беребиз. Эгерде алар бир жуманын ичинде жыйынтыгын айтышпаса, анда биз качкындарды жибере баштайбыз.

Башкы прокурор камакка алынган 29 өзбекстандык качкынды кылмышкерлер деп атаганы менен коомчулукта бул маселе боюнча ар кыл пикирлер айтылууда. Кыргыз Улуттук телекөрсөтүүсүүнүн коомдук-социалдык жана экономикалык борборунун жеткчиси Байма Сутенованын бул маселеге пикири төмөнкүчө:

- Азыр саясатта кимди болбосун кылмышкер деп атап койсо болот экен. Ошондуктан айрым бир маселелерди тактаганга чейин Анжияндан качып келген өзбек атуулдарын кайра өз мекенине өткөрүп берүү- бул алардын башын өлүмгө салып берүү деп түшүнөмүн. Ошондуктан мен аларды кайтарып берүүгө каршымын.

Өзбекстандык качкындардын өз мекенине кайтарып берилишине терс көз карашын Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү Калипа Эсенаманова да билдирди:

- Менин оюмча, Кыргызстанга башпаанек издеп келгендер Өзбекстанга өткөрүп берилсе, анда Кыргызстан өмүр бою жаманатты болуп калат.

Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын орун басары Камель Моржан мырза жетектеген миссиянын Кыргызстанга болгон сапары дүйшөмбүдө карыды.

XS
SM
MD
LG