Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

ПАКИСТАНДЫН ЖОГОРКУ СОТУНДА АДАТТАН ТЫШ ИШ КАРАЛУУДА


Пакистандын Жогорку соту бүгүн айылдагы аксакалдар кеңешинин буйругу менен зордуктоого кабылган аялдын аппеляциялык арызын карай баштады. Муктар Маи аттуу аялдын бир нече адамдын зордуктоосуна кабылганы жөнүндө коомчулулукка ачык айтып, күнөлүүлөр жазаланышына сот аркылуу жетүүгө умтулушу Пакистан үчүн адаттан тыш көрүнүш. Бул Пакистанда эл аралык коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдурган окуялардын бири болду.

Пакистандын Пенжаб провинциясындагы кыштактардын биринин тургуну Мухтар Маи анын бир тууган иниси башка бир абройлуу уруунунун кызы менен сүйлөшкөн деп айыпталгандыгы үчүн айылдагы аксакалдар кеңешинин көрсөтмөсү менен зордукталган. Башкача айтканда иниси үчүн жазаланып олтурат. Мухтар Маи Рейтер агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде белгилегендей, азыр анын көздөгөнү ошол зордуктоого катышкан бир нече адамдын адилет жаза алышына жетишүү:

-Менин азыр көздөгөнүм бирөө эле - Кудайдын каалоосу менен алгачкы соттогудай чечимдин чыгуусу. Алар ошол эле өлүм жазасын же буга жакын нерсени алышы керек.

Окуя мындан үч жыл илгэри, 2002 –жылы болгон. Кийинчерээк биринчи инстанциядагы сот зордуктоого катышкан деп айыпталган алты адамды өлүм жазасына кескен болчу. Бирок ушул жылдын март айында Пенжаб провинциясынын Жогорку соту айыпкерлердин бешөөсүн актап, алтынчысынын өлүм жазасын өмүр боюу түрмө менен алмаштырган. Муктар Маи Жогорку сотко провинциялык соттун ушундай чечимине каршы аппеляциялык арыз жолдогон эле.

Пакистандын Адам укуктары боюнча комиссиясынын өкүлү Камила Хаяттын айтымында, жакындарынын туура эмес жүрүм-туруму үчүн аялдарга жаза катары зордуктоону колдонуу - Пакистанда сейрек кездешкен окуя. Бирок буга окшош, "намысты булгады" деген айып менен байланышкан кылмыштар мүнөздүү көрүнүш. Жылына жүздөгөн аялдар үй-бүлөнүн намсына шек келтирди деген кинээ менен киши колдуу болушат:

- Бул өтө эле мүнөздүү көрүнүш. Жылына бир миңдей аял намыстын атынан адатта жакындары, көбүнесе күйөөлөрү, аталары, бир туугандары же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү тарабынан өлтүрүлөт. Мындай окуялардын 60 пайызында адамдар жасаган кылмыштары үчүн жазаланбай эле калат.

Айтор 33 жаштагы Муктар Маинин окуясы жалпы эле Пакистандагы аялдардын абалына карата эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурду. Буга бир эсе анын зордуктоого кабылганы жөнүндө ачык айтып, соттор аркылуу адилеттүүлүккө жетишүү аракетин көргөндүгү да себепчи болгонсуду.
Адам укугун коргоочу уюмдар Муктар Маини АКШга чакырышкан эле. Бирок Пакистан бийликтери аны дароо эле четке чыгууга тыюу салынган адамдардын кара тизмесине киргизе салышкан. Исламабад мындай чечимин АКШнын сынынан соң өткөн аптада өзгөрттү. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Шон МакКормак Муктар Маинин иши боюнча 15-июнда мындай деген эле:

-Биз кыжырды келтирерлик кырдаал деп гана айта алчу жагдайга туш болдук. Зордуктагандарды эркиндикке чыгарууга көрсөтмө берилип, ошол эле учурда анын эки - жакка каттоосуна чектөө коюлган.

Муктар Маинин иши боюнча кабарчыларга соңку күндөрү Пакистан прөзиденти Первез Мушарафка түшүндүрмө берүүгө туура келип жатты. Ушул айдын 17-июнунда Жаңы Зеландияда иш сапары менен болгон кезинде ал аялдардын абалы анын өлкөсүндө башка өнүгүп келе жаткан мамлекеттерден жаман эместигине токтолуп, өкмөт бул багытта тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын кошумчалады:

- Мурда бизде аял премьер- министр болгон. Анын аялдар үчүн эмне кылганын өзүнөн сурагыла. Андан соң келип, аялдар үчүн мен эмне жасаганымды көргүлө. Айрыма асман менен жердей экенине күбө болосуздар. Аялдар үчүн көрүлгөн камкордуктарды биз азыр да улантып жатабыз. Мен Пакистандагы аялдар маселесине, аялдар укугуна бөтөнчө кызыкдармын, биз аларды билим берүү, саламаттыкты сактоо, балалыкты коргоо, саясий укук ыйгаруу аркылуу эркиндикке чыгаруу багытында алдыга кетип жатабыз. Аскер кийимчен адам аялдар укугу жөнүндө кам көрөрүнө силерди ишендирип кетким келет.

Бирок Пакистандын Адам укуктары боюнча комиссиясынын өкүлү Камила Хаяттын пикиринде, бул багытта өкмөт жетиштүү чара көрө элек. Былтыр аялдарды намыстын атынан өлтүргөндөр үчүн жазаны күчөткөн мыйзам кабыл алынган болчу. Бирок мындай кайгылуу окуялардын саны азабайганын эске алганда, ал мыйзам деле алсыз бойдон калууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG