Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

Кыргызстандын “Кызыл китебинин” жаңы редакциясына жоголуп бара жаткан 90дон ашуун өсүмдүктөрдүн түрлөрү кирди. Ал эми “Кызыл китепке” кирген сүт эмүүчүлөрдүн саны 25ке жетти. Алардын бири - Тянь–Шань күрөң аюусу.

Тянь-Шандын жаратылышын илимий жактан изилдөө иштери 19 кылымдын орто чендеринде башталган. Тянь-Шандын жаныбарлар дүйнөсүн алгачкылардан болуп орус географы Петр Семенов изилдеп чыккан.

Окумуштулардын билдиргенине караганда, Тянь-Шань күрөң аюусу жоголуп бараткан жаныбарлардын түрүнө кирет. Кыргызстанда бул аюулардын беш-алтоо гана калган. Ошого байланыштуу бул аюу өлкөнүн “Кызыл китебине” киргизилген. Тянь-Шань күрөң аюусу Жалалабат областына караштуу Чаткал районунда жайгашкан “Беш-Арал” коругун байырлашат.

Мергенчилер аюунун кымбат баалуу терисине жана этине кызыгып, аларды чет жактарга сатуу максатында атып алышууда. Окумуштуулардын айтымында, дал ушул себеп - Тянь-Шань аюусунун тукум курут болуп баратышына негиз болгон.

Жалалбатта жоголуп бара жаткан өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын түрлөрүн сактап калуу максатында иш алып барып жаткан “Кенчириди” бейөкмөт уюмунунун мүчөсү Нуркул Стамов буларды айтты:

- Тянь-Шаньдын күрөң аюусу Чаткалда гана калыптыр. Болгону 5-6 гана аюу калган. Мергенчилер аларды аңдып туруп, атышат экен. Мурун бул жер токой болуп, аюулар токойдо бүлдүркөн, кожогаттар менен тамактанчу экен. Анан ошол жердеги токойлорду кыйып салгандан кийин аюулар ачык калышыптыр. Мергенчилер да, элдер да аюунун терисин, этин сатканга кызыгып алышыптыр. Терисин 15 миң сомго, ички органдарын 5 миң сомго сатышат экен. Ал эми 1 кг эти 150 сом. Бардык органдарын сатышат экен.

Жергиликтүү бейөкмөт уюмдар Глобалдык экологиялык фондунун колдоосу алдында бул аюунун түрүн сактап калуу максатында иш алып барышат. Ал жумуштар тууралуу Нуркул Стамов мындай деди:

- Эл арасында 6 жолу семинарлар өткөрүлдү. Аларга түшүндүрүү иштери болуп жатат. Калган 5-6 аюуну атпагыла, бул аюулар акырккысы, эгерде бул аюуларды атып салсаңар, анда такыр мындай аюу калбай калат деп түшүндүрүп жатабыз.

Окумуштууларды күрөң аюудан тышкары “Кызыл китепке” киргизилген Узунакмат деп аталган жүзүмдүн жоголуп бараткандыгы да тынчсыздандырат.

Бир нече жыл мурун Жалалабат областына караштуу Аксы районунда жайгашкан Кенчириди капчыгайында Узунакмат жүзүмү калың өсүп, ал жерде түлкүлөр, доңуздар жөн эле чуркап жүрчү деп эч ким деле ойлобосо керек. Анткени азыр ошол кезде коюу өскөн жүзүмдүн саналуу гана түптөрү калыптыр. Бул жүзүмдүн даамын татыгандар анын өзгөчө таттуу экенин айтышты.

“Үлгү” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, Глобалдык экологиялык фонддун мүчөсү Мырзабай Дооронов бул жүзүм тууралуу мындай маалыматтарды берди:



Узунакмат жүзүмүнүн жоголуп баратышына элдин жырткычтай мамилеси себеп болду дейт Мырзабай Дооронов:

- Айрыкча акыркы 10 жылдын аралыгында адамдар бул жүзүмгө жырткычтай мамиле жасап, аны кыйып кетишкен. Бул жүзүмдөн шарап жасашкан. Бул жүзүм чырмалып өсөт, ошондуктан элдер үстүнө чыгып тергенден эринип, аларды кыйып кете беришкен.

Сүрөттө: “Кенчириди” бейөкмөт уюмунунун мүчөсү Нуркул Стамов жоголуп бараткан Узунакмат жүзүмү өскөн капчыгайда
XS
SM
MD
LG