Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:07

БОЗГУНДАР ӨЗБЕКСТАНГА БЕРИЛГЕН ТӨРТ КАЧКЫНДЫН ТАГДЫРЫНА БУШАЙМАН

  • Ырысбай Абдыраимов

Өзбекстанга өткөрүлгөн төрт бозгундун тагдыры Жалалабат облусунда баш калка издеген өзбек жарандарын тынчсыздантууда. Лагердегилердин ынанымында, төрт кишинин Анжияндагы митингге чыккандан башка айыбы жок. Бозгундар Кыргызстандан аларды кайтарып келүүнү талап кылышууда. Облустук прокуратура мекенине кайтууну каалагандарга тоскоолдук кылууга болбой турганын жана төрт киши арызына ылайык өзбек чек арачыларына өткөрүлгөнүн билдирди.

Өзбек бозгундарын Өзбекстанга өткөрүлгөн төрт адамдын тагдыры бушайманга салууда. Өзбекстанга берилгендердин бири Махаматжан Кодировдун уулу Азизбек менен аялы Кибрийо төрт киши тууралу учурда маалымат жоктугуна капа болушту:

- «Лагерден тергөө жүргүзөбүз» деп алып кетишкен. “Өзбекстанга берилиптир” дешкени менен ал жакка да барбаганын угуп жатабыз.

- Митингде бирге болуп, бирге качып өткөнбүз. Ал курал кармаган эмес. Кандай окуя болуп жатканын да түшүнбөгөн. Өзбекстанга алып өтүп, өлтүрүп ийиштиби, ким билет дарегин?

Бозгундардын бири Данахан Маматханова Кыргызстандан аларды кайтарып келүүнү талап кылды:

- Биз ал балдарды аман-эсен бергенден кийин Кыргызстан да алардын бир тал чачын түшүрбөй, кайтарып, жооп берсин! Мен эне катары талап кылам. Мурда төрт адамды берип, эми 29 кишини өткөрөбүз деп, Кыргызстан бизди ташпишке салып койду. Алар соттолбогон. Мени кылмышкер деп ойлойсузбу? Алар деле мендей бозгундар болчу.

Облустун прокурору Байтемир Ибраевдин түшүндүрмөсүндө төрт киши Өзбекстанга кетүүгө арыз беришкен жана мекенине кайтууну каалагандарды кармоого эч кимдин укугу жок:

- Өздөрү арызын жазып кетишкен. Тартиби ошондой, алар лагерден кеттик десе эле кете бер деп эч ким кетире бербейт, өз кааалоосу менен кетип атса дагы биздин аймактан чыгып кетишин атайын кызматтар көзөмөлдөш керек. Биздин чегарачылар Өзбекстандын чегарачыларына барып, тапшырып берип, акты түзүшкөн.

Акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова төрт кишинин өз ыктыяры менен кеткенине ишенбейт:

- Кеткен кишинин аялы, баласы менен жолуктум. Мен бул жердеги кишилерден сурасам, өз ыктыяры менен кетти дейт. Аялын, баласын таштап ал жака эмнеге кетип калды экен деп мен таң калып жатам.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG