Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:00

Куршабда үч участокто кайра добуш берүү болобу?


БИШКЕК. Куршаб шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан Адахан Мадумаров менен Мамат Орозбаевдин арызын Жогорку сот 28-июнда карап, Биринчи май райондук соттун 20-апрелдеги чечимин күчүндө калтырды. Биринчи май райондук соту Куршаб шайлоо округунун үч добуш берүү участогунда кайра добуш берүүнү дайындаган эле. Жогорку сот №1-Университет шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан Бермет Акаеванын апелляциялык арызын 30-июнда карай баштоону белгиледи. Бул тууралуу Жогорку соттон 28-июнда кабарлашты. Маалым болгондой, Бермет Акаева үгүт ишин жүргүзүү учурунда мыйзам бузууга барган деп, Борбордук шайлоо комиссия аны депутаттык мандаттан ажыраткан. Биринчи май райондук соту БШК чечимин күчүндө калтырган. Буга нааразы болгон Акаева Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрылган эле.

XS
SM
MD
LG