Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:49

ХЕЛЬСИНКИ ФЕДЕРАЦИЯСЫ ЖЫЛДЫК БИЛДИРҮҮСҮН ЖАРЫЯЛАДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму дүйнөнүн 55 өлкөсүндө демократиялык институттардын курулуп, калыптануусуна көмөк көрсөтөт. Уюм ошондой эле кризистик жагдайларды алдын алуу жана жөнгө салуу, жаңжалдар жөнгө салынган региондордогу абалды турукташтырууда олуттуу роль ойнойт. Бирок уюмга мүчө мамлекеттер реформаларды ишке ашыруу үчүн жигердүү аракеттениши абзел. Венада жайгашкан эл аралык Хельсинки Федерациясы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттерде демократияны орнотуу үчүн алдыда дагы көп иштер тургандыгын белгилейт.

Венада жайгашкан эл аралык Хельсинки Федерациясынын 500 бетке жарыяланган отчетунда ЕККУга мүчө мамлекеттердин 38индеги адам укуктарынын 2004-жылдагы акыбалы чагылдырылган.

Хельсинки Федерациясынын аткаруучу директору Аарон Родес отчетто камтылган маалыматтарды сыпаттап жатып, буларды айтты:

- Мамлекеттердеги адам укуктарынын акыбалына жалпы жонунан бириктирип, баа берүү өтө кыйын. Анткени бул топто камтылган мамлекеттердин айрымдары дүйнөдөгү демократиялык жана либералдык мамлекеттер болуп саналат, ал эми башка бирөөлөрү болсо авторитардык, эркин ой жүгүртүүнү кысмактаган репрессивдүү мамлекеттер. Бирок ошого карабастан жалпылаштырсак, айрым региондордо адам укуктарынын акыбалын жакшыртуу ишинде жылыш болбогону байкалат.

Сөз болуп жаткан 38 мамлекет Европада, Кавказ, Борбор Азия жана Түндүк Америкада жайгашкан. Алардын 24ү- мурдагы соцалисттик мамлекеттер, ал эми 13- Батыштын демократиялык мамлекеттери.

Мамлекеттердин бир тобуна коррупциянын терең тамырлашы, сот системасынын бийликтерден көз карандылыгы мүнөздүү. Армения, Азербайжан, Кыргызстан, Македония, Сербия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан алдыда аталган маселелер мүнөздүү болгон мамлекеттер катары бөлүп көрсөтүлгөн.

Уюмдун аткаруучу директорунун айтымында, мамлекеттердин 80 пайызында полициянын жарандарга зордук-зомбулук көрсөтүп, алардын укуктарын бузгандыгы маалымдалган.

- Бизге өлкөлөрдүн 80 пайызынан полициянын зордук- зомбулук көрсөткөн учурлары жөнүндө маалымдалды. Ал эми 10 өлкөдө полиция жарандарды уруп, сабап-кыйнагандыгы айтылат. Отчетто камтылган өлкөлөрдүн көбүндө түрмөлөрдө олуттуу проблемалар бар экендиги, жаза өтөө жайлары түрмө туткундарына жык толгону баяндалган.

Документте камтылган өлкөлөрдүн 60 пайызында качкындардын жана мигранттардын укуктары бузулгандыгы айтылган. Терроризмге каршы бир топ өлкөлөрдө көрүлүп жаткан чаралар Британия, Россия, Чеченстанда, Америка Кошмо Штаттарында жана Өзбекстанда адамдардын негизги жарандык укуктарын кысмактоодо. Булардын баарына токтолгон Родес, алдыдагы маселелердин көтөрүлүшүн ЕККУ тарабынан айтылган сын-пикир эмес, өлкөлөрдүн адам укуктарын коргоо жаатында берген убадасын кандайча аткарып жаткандыктарынын таныгы катары кабылдоо керек экенин баса белгиледи.

Алдыда айтылгандай, Хельсинки Федерациясынын баяндамасында ЕККУга мүчө 38 мамлекеттеги адам укуктарынын жагдайы чагылдырылган. Бул жерден Кыргызстан жөнүндө айтылгандарга учкай токтоло кетсек. 2004-жылы Кыргызстанда укук кгоргоочулар, журналисттер менен көз каранды эмес маалымат каражаттарынын укуктарын бузуу, аларга асылуу жана коркутуп-үркүтүү улантылганы айтылат. 2004-жылы октябрь айында жергиликтүү кеңештерди жана 2005-жылы февраль айында парламентти шайлоо учурунда абдан орчундуу мыйзам бузуулар болгондугу жана анын натыйжасында чыккан элдик көтөрүлүштө президент Аскар Акаев өлкөдөн качып кетүүгө мажбур болгону баяндамада баса белгиленет. Соттор менен бүткүл юридикалык система Акаевдин администрациясы менен жергиликтүү өкмөттөрдөн толук көз каранды болгон. Сот менен прокуратура параланып, адвокаттарга эркин иштөөгө мүмкүндүк берилген эмес.

Кыргызстандын туткундарга жык толгон түрмөлөрүндө болсо жөнөкөй санитардык эрежелер сакталбай, туткундар балит шарттарда күн көрүүгө мажбур болушкан. Кыргызстандын жаза өтөө жайларындагы шарттар эл аралык стандарттардан алда канча төмөн.
XS
SM
MD
LG