Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:06

Нарын АЙЫП, Прага Ирандын жаңы президенти болуп консерватор Махмуд Ахмадинежад шайланганы америкалык жетекчиликке жаккан жок. Ансыз деле эки мамлекет ортосундагы мамиле мурда жакшы эмес болчу жана, айрым эксперттердин айтымында, эми абал ого бетер курчушу мүмкүн. Башкалардын пикиринде болсо, жумушка кирише элек президент эмне кылаары тууралуу жыйынтык чыгаруу азырынча эрте.

24-июнда Иранда өткөн президенттик шайлоону АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд, андан соң президент Жорж Буш дагы сынга алды. Алардын пикиринде, миңден ашык талапкер шайлоодон четтетилгенин жана алардын кимиси шайлоого катышыш керек экенин өздөрү шайланбаган адамдар чечкенин демократия деп атоо кыйын. Рамсфелддин айтымында болсо, шайланган президент Махмуд Ахмадинежад өзү демократ эмес жана анын иши демократияга жакындабайт.

Эки өлкө ортосунда 25 жылдан бери мамиле жок, акыркы жылдарда болсо Ирандын өзөктүк изилдөөлөрү менен байланыштуу чоң чатак чыкты жана АКШ маселени Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде карап, өлкөгө каршы чара көрүүнү да сунуштаган. Ал эми жаңы президент - андай изилдөөлөр улантыла турганы жөнүндө жана Вашингтон менен болгон мамилелерди оңдоо үчүн Тегеран атайын чара көрбөй турганын билдирди. Ошондуктан, кээ бир эксперттердин пикиринде, мамилелер эми ого бетер бузулушу мүмкүн.

Ошол эле мезгилде жумушка кирише элек президент эмне кылаарын азырынча айтуу кыйын жана мамилелер сөзсүз терс жакка өзгөрөт деп жоромолдоо эрте. АКШнын коргоо жана тышкы иштер министрликтеринде мурда иштеген эксперт Энтони Кордсмандын пикиринде, Ахмадинежад өзүнүн шайлоо өнөктүгү учурунда айткан сөздөр жөн гана шайлоо пропагандасынын бөлүгү болушу мүмкүн жана маселе - президенттик учурунда ал жүргүзө турган саясат кандай болоорунда:

- АКШ менен болгон мамилелерди оңдоого ал умтулбай турганы анык. Чындап келгенде, Ирандын жаңы президенти такыр башка пикирде. Бирок негизги маселе - президенттик учурунда ал өз көз карашын өзгөртө же өзгөртө албай турганында. Дагы бир чоң маселе - Ирандын чыныгы жетекчиси аны каалайбы же каалабайбы. Президент бул өлкөдө эң жогорку жетекчи эмес. Андай маселелерди Аятолла Али Хаменеи чечет.

Эксперттердин айтымында, дагы бир маселе - Иран жетекчилери өтө консервативдүү жана Батышка каршы экени тууралуу пикир Батыш мамлекеттеринде негизинен ирандык диссиденттеринин айтканынан келип калыптанган, бирок кошуна Ирак көрсөткөндөй, андай пикир чындыктан алыс болуп да чыгышы мүмкүн.

Вашингтон шаарындагы Като институтунун вице-президенти Тед Карпентердин айтымында, Ахмадинежаддын президент болуп шайланганын америкалык жетекчилик ашынган консерваторлордун жеңиши катары кабыл алууда, андай консерваторлор "ал-Каида" сыяктуу террордук уюмдар менен байланышкан деген да маалыматтар бар, бирок Иранга карата мамилени өтө катуулантуу дагы АКШнын кызыкчылыгында эмес:

- АКШ менен болгон мамилелерди Иран үзүп салат деген маселе азырынча коюла элек. Жаңы ирандык жетекчиликтин саясаты кандай болоору тууралуу азырынча эч нерсе деп айтуу мүмкүн эмес. Аны менен болгон байланыштарды үзүп салуу АКШнын дагы кызыкчылыгында эмес, бирок Вашингтон шайлоо жыйынтыктарын консерваторлордун орчундуу жеңиши катары баалап жатканы анык.

Ахмадинежад өзү болсо - биз эч бир мамлекет менен өзгөчө мамиле куруп, кимдир бирөөгө жагына тургандай өлкө эмеспиз, ким бизге кандай мамиле кылса, биз да ага ошондой жооп кайтарабыз деп билдирди.
XS
SM
MD
LG