Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:51

Казакстандын Юстиция министрлиги "Адилет Казакстан үчүн" оппозициялык кыймылын каттоодон баш тартты


Министрлик 20 - июнда эле кабыл алынган ушундай чечими менен уюмду бүгүн тааныштырган. Мунун жүйөөсү катары министрлик "Адилет Казакстан үчүн" кыймылы саясий партиялардын каттоодон өтүшү үчүн талап кылынгандай 50 миң мүчөсү бар экенин далилдеш керектигин белгилеп, уюмдун уставындагы айрым терминдерге каршылык билдирген.

Кыймылдын лидери, казак оппозициясы президенттикке талапкер катары атаган Жармахан Туякбай алар юстиция министрлигинин чечимин сотко берүүнү көздөп жатканын билдирди:

-Биз юстиция министрлигин чечимин мыйзамсыз деп эсептеп, сотко берип жатабыз.

Мунун аралыгында казак парламенти алдыдагы президенттик шайлоонун мөөнөтүн ал, быйыл жыл соңунда же келекри жылы өтүш керекпи деген маселени талкуулону улантууда. "Адилет Казакстан үчүн" кыймылынын пикиринде министрликтин чечими алардын президенттик шайлоого катышуусуна таасирин тийгизиши мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG