Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Иракта жанкечтилердин бүгүнкү жардырууларынан 13 адам каза тапты


Алардын арасында парламент депутаты жана америкалык бир жоокер бар. Кол салуулар Багдад, Бакуба, Балад, Муссайиб шаарларында жасалган. Маселен, башкаала Багдаддын чет жакасындагы бүгүнкү жарылуудан парламент депутаты, анын баласы жана үч жансакчысы мерт болду.

Окуяны көргөн жергиликтүү тургундардын бири ал –Муссави мындай дейт:

-Жанкечти миналанган автоунааны шейх Али аль-Файад парламентке баруу үчүн үйүнөн чыгып келе жатканда жардырып жиберди.

Ал эми Багдаддын түштүгүндөгү Муссайиб шаарында полициянын кийимин кийген жанкечти өзүн жергиликтүү ооруканада жардырып жибергенде үч адам каза тапты. Америкалык аскер жанкечти Балад шарында жасаган жардыруудан каза тапса, Бакуба шаарында миналанган автоунаанын жарылуусунан беш адам өлүп, тогузу жаракат алды. Багдаддан 200 чакырымча түндүк-батышта болсо АКШнын 1000, Ирактын 100дөй жоокери козголоңчулар менен согушкерлерге каршы багытталган операция башташты. Иракта бүгүн ошондой эле бийлик АКШ баштаган коалициядан расмий түрдө жергиликтүү өкмөткө берилгенине бир жыл толду.

XS
SM
MD
LG