Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:07

«МУНАЙ-МЫРЗА» ДАНИЯР ҮСӨНОВДУ СОТКО БЕРГЕНИ ЖАТАТ


Аскар Акаевге таандык катары саналган мүлктөрдү иликтөө комиссиясынын төрагасы Данияр Үсөновго «Мунай-Мырза» компаниясы ишкананын абийирине, ар намысына жана кызматтык беделине шек келтирди деген дооматын жарыялады. Ошондон улам ишкана вице-премьер министрдин милдетин аткаруучуну сотко берүүнү көздөп жатат.

Бул маселеге байланыштуу шаршембиде «Нефтетрейдерлер» ассоциациясынын вице-президенти Улан Базаркулов «АКИпресс» агенттигинде маалымат жыйынын уюштурду. Анда айтылганга караганда, комиссия Орусиялык «Альянс» мунай компаниясы менен өнөктөш «Мунай-Мырзанын» Акаевдердин үй-бүлөсүнө таандык эмес экендигин тастыктаган бүтүмүн чыгара элек. Ошол эле учурда тиешелүү экендиги тууралуу да далил жок:

- Эмне үчүн алар бул ишкананын тиешеси бар же жок деп айтышпайт. Сөз менен ойной башташты. Жакындары дешет. Жакындары деген эмне?

Комиссия төрагасы Данияр Үсөнов өз билдирүүлөрү аркылуу ишкананын аброюна олуттуу доо кетирип жатат деген ойдо Базаркулов:

- Биз Данияр Үсөновду сотко бергени жатабыз. Анткени эч кандай фактысы, документи жок эле биздин компанияны каралап, иш беделине шек келтирүүдө. Ал бардык айткан сөздөрү үчүн жооп бериши керек.

Улан Базаркуловдун айтымында, эгер он күн аралыгында айткан сөздөрү негизсиз экенин билдирип, кечирим сурабаса, компания Данияр Үсөновду сотко берип, андан моралдык чыгым үчүн 32 миллион сом талап кылат.

Мамлекеттик комиссиянын тыянагына караганда, Башкы прокуратура «Мунай-Мырза» акционердик коомунун салыктан жеңилдик алышынын мыйзамдуулугун текшерип жатат. Мамлекеттик комиссия ишкана салыктан жеңилдик алуу үчүн уставына өзгөртүү киргизип алган деп эсептейт. Ал эми Базаркуловдун айтымында, компания салык же башка маселелер боюнча мамлекетке карыз да эмес, жеңилдик да алган эмес, тескерисинче, бюджетке олуттуу киреше киргизип келаткан ири ишканалардын бири. Ал эми Орусиялык «Альянс» мунай компаниясы менен биргелешкен ишкана түзүүгө мурдагы бийликтин кысымы түрткү болгон, ишканага азыр да эки жыл мурдагыдай эле кысым жасалып жатат. Мындай туруксуздуктан улам Европалык өнүгүү банкы мурда макулдашылган 10 миллион доллар инвестициядан баш тартты, дейт ассоциациянын өкүлү:

- Өкмөттүк жыйында Данияр Токтогулович компаниянын 1 миллиард сом төлөгөндүгүн бышыктады. Бирок компания андан да көп, 3,5 миллиард сом төлөшү керек эле дейт. Топтун жүгүртүүсү 3,2 милрд. болуп атса, бул санды ал кайдан алды? Түшүнүксүз. Башкача айтканда компанияны каралоо жүрүп жатат.

Өз ишмердүүлүгүндө эч кандай жеңилдик албагандыгын жоопкерчилиги чектелген «Биметфарм» ишканасынын ээси Каныбү Бабанова да билдирди:

- Ыңкылап бекер болгон жок да. Азыркы бийлик мурдагы бийликтин катачылыгын кайталашын каалабайт элем. Менчикти кайра бөлүштүрүү жасабай, ишкерлерди колдоп, аларды абийирдүү иштөөгө чакыруу керек. Жанагы саналган 170 фирма толук кетип калса, Кыргызстанда эмне болот?

Каныбү Бабанова ошондой эле ишканасынын мурдагы бийлик менен да, биртууганы, «Мунай-Мырзанын» президенти, ЖК депутаты Өмүрбек Бабановдун ишмердүүлүгү менен да тиешеси жок дейт.

Экс-президенттин жакындарына таандык деп болжолдонгон мүлктү териштирүү комиссиясынын мүчөсү Төлөкан Исмаилова ишкананын билдирүүсүн актануу ишараты деп эсептеди:

- Акаевдин жакшы көргөн ишкер топтору Акаев кандай танып атса, алар да жанталашып, коомчулукка башка маалымат берген атат. Ошон үчүн Данияр Үсөнов башка бизнесмендердин ичинен бизнесин таштап, жаңы өкмөткө жардам берип атат. Ошон үчүн тоскоолдуктар болуп атат.

Төлөкан Исмаилова мамлекеттик комиссия өз бүтүмүн тергөө структураларына берген, аларды сот аркылуу териштирип алууга бардык башка юридикалык тараптар сыяктуу эле «Мунай-Мырзанын» да укугу бар дейт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG