Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

Данияр Үсөновду “Мунай Мырза” компаниясы сотко берүүсү болжолдонууда


БИШКЕК. Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу ДаниярҮсөнов мамлекеттик комиссиясынын кетирген кемчиликтерин айтып компаниядан 10 күндүн ичинде кечирим сурабаса, анда “Мунай Мырза” Үсөновдун үстүнөн сот органдарына доо арызын жолдойт. Анда компаниянын беделине шек келтиргендиги үчүн Данияр Үсөновдон 32 млн. сом өндүрүп берүү талабы коюлат. Бул тууралуу “Автотрейдерлер” ассоцациясынын президенти Улан Базаркулов 29-июнда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 13-июндагы өкмөттүн чогулушунда Данияр Үсөнов “Мунай Мырза” компаниясы мамлекеттик бюджетке 3 млрд. 200 млн. сом салык төккөн эмес, деп жалган айып тагуусунан аталган компанияга Европа банкы бере турган 10 млн. АКШ доллар өлчөмүндөгү кредит жана компаниянын өнүгүшүнө 20 млн. доллар инвестициянын келиши токтотулган. Ал эми компаниянын иш кагаздары өкмөт тарабынан 20 жолу текшерилген.

XS
SM
MD
LG