Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

Кыргыз өкмөтү Акаевдин мүлкүнө байланыштуу токтом кабыл алды


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү биринчи президент Аскар Акаевге, үй-бүлөсүнө жана жакын туугандарына тиешелүү мүлктү аныктоо боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматы жөнүндө токтом кабыл алды. Ага ылайык, аталган мамлекеттик комиссиянын иши аяктады деп эсептелет. Кыргыз өкмөтү бул токтомунда мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетине менчиктештирүү учурунда кетирилген мыйзам бузууларды четтетүүнү, жоготуулардын ордуна төлөнгөн каражатты чогултуп, республикалык бюджетке салууну тапшырды. Ал эми укук коргоо органдарына кылмыштын курамы аныкталган адамдарды жоопко тартуу милдеттендирилди. Бул токтомдун аткарылышына өкмөт 6 айдан кийин кайрылат.

XS
SM
MD
LG