Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

Айдар Акаев Кыргызстанга шайлоодон кийин келээрин айтты


БИШКЕК. “17-июнда Бишкекте болгон окуяга Акаевдин үй-бүлөсүнүн эч кандай тиешеси жок. Муну бизди жакшы тааныгандар, айрым депутаттар, бул жердеги биз менен катышып турган адамдар тастыктай алат. Себеби ал окуя болгон маалда биз Москвада болчубуз. Азыркы бийликтегилердин Бишкектеги баш аламандыкты биздин үй-бүлөгө оодарышы жалган жалаа”- деп билдирди, 29-июнда экс- президенттин уулу Айдар Акаев “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде. Ал президенттикке талапкерликке өтпөй калган Урмат Барыктабасов менен тааныш экендигин жашырган жок.

-Ооба мен аны менен таанышмын. Ал “Кыргызгазда”, мен Каржы министрлигинде иштеп турганда бизге көп келүүчү. Өзү иштеген тармактын проблемаларын чечип кетүүчү. Мен аны 5-6 жылдан бери көрө элек болчумун. Акыркы убактарда эч кандай байланышыбыз болгон эмес. 17-июндагы окуяда анын артында мени, Адилди турат дегени чындыкка коошпойт. Адил аны такыр эле тааныбайт. Азыр биздин үй-бүлөгө ар кандай айыптоолорду оодаруу “модага” айланып кетти.

Айдар Акаев ошондой эле Кыргызстанга президенттик шайлоо аяктагандан кийин келип, депутаттык милдетин аткара тургандыгын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG