Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:42

АЙДАР АКАЕВ: “МАГА КОЮЛУП ЖАТКАН АЙЫПТАРДЫН БААРЫ САЯСИЙ МҮНӨЗГӨ ЭЭ”


Кыргызстандын экс-президентинин тун уулу Айдар март ыңкылабынан бери өлкөгө кайтып келе элек. Ал 29-июнда «Азаттык» радиосуна интервью берип, азыр Москвада, ата-энеси менен бирге тургандыгын жана күзүндө, парламент ишин баштаган кезде кайтып келип, депутаттык милдетин аткарарын билдирди.

- Айдар, сиз азыр кайдасыз жана эмне иш менен алектенип жатасыз?

- Мен азыр Москвадамын. Эки жарым айдан бери ата-энем менен болуп жатам. Алар үчүн кыйын учурда бирге болуп, аларга колдоо көрсөтүүнү туура таптым.

- Сиз Кыргызстандын азыркы бийлиги экс-президенттин үй-бүлөсүнүн, жакындарынын үй, мүлкүн иликтеп жаткандыгын жакшы билсеңиз керек. Алар боюнча Башкы прокуратура 4 кылмыш ишин ачты. Анда сизге бирөөнүн мүлкүн, байлыгын күч менен тартып алды, сатып алууга мажбурлады, салыкты толук төлөгөн жок жана мыйзамсыз табылган акчаны мыйзамдаштырып ачыкка чыгарды деген кинелер коюлуп жатат. Сиз бул айыптар негиздүү деп эсептейсизби?

- Эң ириде бул айыптардын бардыгы саясий мүнөзгө ээ деп айткым келет. Алардын бардыгы мени депутаттык мандаттан ажыратуу максаты менен атайылап жасалган. Анткени, бул иштер боюнча эч кандай тергөө жүргүзүлгөн жери жок. Мен ал иштер жөнүндө маалымат каражаттарынан билип жатам. Муну менен сот чечкенге чейин эч кимдин күнөөлөнбөйт деген жобо одоно бузулуп жатат. Мен бирөөнү коркутуп, ишканасын тартып алды деген маалымат карандай чагым. Мен эч кимди коркутуп, эч кимден бир нерсесин тартып алган эмесмин. Бул боюнча менин абийирим таза деп эсептейм. Мага каршы жалган жалааларды тартип коргоо органдарына жазууга мажбурлап жатышат. Мага досторум жана мурдагы өнөктөштөрүм телефон чалышып, жөн жерден эле мажбурлап жатышат деп айтышууда. Аларга жыйынтык гана керек болуп жатат, эч нерсени далилдеп бере алышпайт.

- Демек, Башкы прокуратура менен тартип коргоо органдарынын сизге коюп жаткан кинелеринин баары негизсиз деп эсептейсизби?

- Албетте, мен баары деп айта албайм. Мен көбү, айрыкча мүлккө байланыштуу иштердин бардыгы саясат менен байланыштуу деп айткым келет. Комиссия эки жарым ай иштеп, бирөөнүн да кожоюну ким экендигин тактай алган жок. Тескерисинче, алардын чыныгы кожоюндары жапа чекти. Бир тизмеге топтолгон компаниялар биздики гана эмес, бизге эч кандай тиешеси жок. Алардын чыныгы жетекчилеринин айрымдары азыркы өкмөттө иштеп жатышат. Ошон үчүн комиссия эң чоң кыйынчылыкка туш болду. Бул жөнүндө парламентте сөз сүйлөгөн депутаттар Үсөновдун доклады популисттик мүнөздө болду деп белгилешпедиби. Ушундан улам эл аралык уюмдар Бакиевге кат жазышып, комиссияга ишеним көрсөтпөй тургандыгын билдиришпедиби. Комиссиянын иши экономикага терс таасир берди. Депутат Конгантиев «баары Акаевге оодарылды» деп туура айтты. 15 жыл бою Акаевдин жанында ким жүрдү эле? Эмне үчүн бардык жалган жалааны жалгыз гана бир гана адам менен анын үй-бүлөсүнө оодарып коюу керек? Мен эл мунун баарын түшүнүп калды деп турам. Албетте, кээ бир жерде жаңылыштык кетти, балким айрым жагдайлар боюнча күнөөсү бар. Бирок олуттуу айыптардын баары ойдон чыгарылган деп эсептейм.

- Демек, «Силк веу», «Народный» дүкөндөрүнө, «Нарын» ресторанына жана «Пишпек» мейманканасына сиздердин эч кандай тиешеңиздер жокпу?

- Мен алардын кожоюну эмесмин. Иликтөөнүн жүрүшүндө Үсөнов мырзанын өзүнүн активи көп экендиги ачыкка чыкпадыбы. Анын комиссияны жетектөөгө моралдык укугу жок болчу. Себеби, ал өлкөдөгү эң бай адамдардын бири. Олигарх. Албетте, тизмеге алынган ишканалардын кожоюндары азыркы бийлик менчикти кайра бөлүштүрүүгө кызыкдар деп туура айтып жатышат. Ошон үчүн башынан эле баары көбүртүп-жабыртылып, субьективдүү мамиле жасалган. Ооба, мен ишкердик кылганымды эч качан жашырбайм. Инвесторлорго, досторума өлкөгө инвестиция алып келүүгө жардам берчүмүн. Бирок мыйзамдын чегинен эч качан өткөн эмесмин, айрыкча бирөөнү эч качан коркуткан эмесмин.

-Аскар Акаевге азыр коррупциялашкан система түзүп, каражаттын көбү президенттин үй-бүлөсүнө түшкөн деген кинелер коюлуп жатат. Анын интервьюларына караганда, ал мындай кинелерге макул эмес. Сиз дагы ошондой ойдосузбу?

- Таптакыр макул эмесмин. Ооба, коррупция болгон, аны эч ким жашырбайт. Коррупция бардык жерде бар. Ага президент менен анын үй-бүлөсүн гана күнөөлөй берүү туура эмес. Бийликте турган министрлердин баары коррупция бар экендигин жакшы билишчү. Бирок эмне үчүн бир гана адамды күнөөлөп жатышкандыгын мен түшүнбөй жатам. Коррупцияга аралашкан мурунку кызматкерлердин көбү эмнегедир азыркы бийликте деле иштеп жатышат. Алардын арасында Курманбек Салиевич деле премьер-министр болгон. Алар экономикалык жактан же саясат жагынан туура эмес жасадың деп кине кое алышпайт. Алардын көбү жогорку кызматтарда иштешкен, мурдагы системадан чыгышкан, Ошон үчүн бир гана адамды күнөөлөй бербей жоопкерчиликти бирдей тартуусу керек. Коррупцияны бир гана адам түздү деген бүтүм катардагы адамдарга гана багытталган. Демек, убакыт кимдин ким экендигин талдайт.

- Сиз Жогорку Кеңештин депутатысыз. Бирок парламент иштеген эки жарым айдан бери сиз Бишкекте жоксуз. Сиз депутат бойдон калайын деген ойдосузбу жана эгер кала турган болсоңуз парламенттин ишине кантип катышайын деп жатасыз?

- Биринчиден мен мыйзамдуу түрдө шайланган депутат экендигимди белгилегим келет. Менин округумда шайлоо калыс өткөн. Атаанташтарымдын эч кимиси мага доомат койгон эмес. Байкоочулардын саны эжемдин округунан кийин менин округумда көп болгон. Мен өз шайлоочуларымдын алдында ишке келбегендигим үчүн кечирим сурайм. Мен кыйын учурда ата-энемдин жанында болуп, алардын алдында уул катары милдетимди аткаруу зарыл деп эсептейм. Бирок парламенттин күзүндө жаңы башталчу ишине катышуу үчүн кайтып барам. Мени депутаттык мандаттан ажыратуу маселесин кароону күзгө калтырган депутат кесиптештериме түшүнүүчүлүк кылгандары үчүн ыраазымын. Мен бул иштерди сөзсүз түрдө жөнгө салам. Эгер Башкы прокуратуранын менде суроосу болсо аларга жооп берип, түшүндүрүүгө даярмын, сурак берүүдөн качкан жерим жок. Мен сөзсүз түрдө кайтып барып, жакын арада милдетимди аткарам. Албетте, буга чейин мени коопсуздук маселеси кооптонтту. Коркутуулар болду. Кандай гана жол менен болсо да депутаттык милдетимди аткартпоого жана мандаттан ажыратуу аракеттери болуп жатат. Бирок мен сөзсүз түрдө кайтып барып, округдагы адамдарга жардам бере алам. Азыр өлкөдө экономика боюнча эч ким алектенген жери жок. Баары тең мүлк издөө менен эле алпурушуп жатышат.

- Ага карабастан, сиздин шайлоочуларыңыздын өкүлдөрү Бишкекке келип, сизди депутаттык мандаттан ажыратууну талап кылышпадыбы. Ага кандай баа бересиз?

- Эми бизде демократия. Мага шайлоочулардын 75 пайызы добуш берген. Демек, калгандары каршы. Бирок аларды бирөөлөр атайы чогултуп алып келгендигин билем. Адегенде, алар шайлоочуларым аркылуу мени депутаттык мандаттан ажыратууну каалашкан. Бирок андан майнап чыкпасын түшүнүштү, себеби шайлоочулар мени абдан катуу колдошкон жана азыр да колдоп турушат. Шайлоочулар аркылуу мандаттан ажыратууга болбостугун билишкенден кийин кылмыш ишин ачышты жана тергөөсүз эле 1-2 күндүн ичинде мандаттан ажыратууну каалап жатышат. Бул азыркы бийликтин кереги жок адамдардан кантип кутулгусу келгендигинин далили. Мен муну укуктук ашыкча чектен чыгуу деп эсептейм.

- Сиздин эжеңиз Бермет азыр Бишкекте жана ал мыйзам чегинде жана моралдык жактан өзүнүн наамын коргоого аракет кылып жатат. А эмне үчүн Бишкекке келип, өз ысмыңызды коргоого аракет кылган жериңиз жок?

- Мен өз ысмымды коргобой жатат деп ким айтты? Биз өз көз караш, пикирибизди маалымат каражаттары аркылуу билдиргенге мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Интернет жана эл аралык маалымат каражаттары аркылуу оюбузду айтып жатабыз. Жергиликтүү маалымат каражаттары аркылуу оюбузду билдиргенге мүмкүнчүлүк бербей жатканы үчүн биз күнөөлүү эмеспиз. Мен кайтып барып, өз пикиримди сөзсүз билдирем. Азыр жаңы бийликтин көккө учкан учуру өттү. Экономика менен иштөө мезгили жетти. Адамдар да кимдин ким, эмненин эмне экендигин түшүнүп калышты. Мезгил өткөн сайын дагы терең түшүнө башташат. Кээ бир адамдардын популисттик билдирүүлөрдү айткан циркине катышкым келген жери жок.

- Сиз жөнүндө эл арасында жүргөн айрым имиштер жөнүндө жакшы билсеңиз керек, себеби, сиз баңгичи, атасынын президент убагында миллиондогон долларларды казинодо уттуруп, аны мамлекет бензинге бааны көтөрүү менен төлөп жүрдү деген сөздөр бар. Булар боюнча эмне дээр элеңиз?

- Албетте, бул карандай сөз. Мен казинодо эч качан ойногон эмесин. Мындай имиштер күн сайын атайылап таратылчу. Ал тургай аялым Сайкал тууралуу ушак чыккан. Мунун баарын оппозиция ойлоп чыгарган. Алардын мындан башка куралы жок болчу. Кыргызстанда имиштер бат тарайт. Албетте, эл деген эл, ага бат ишенет. Ошон үчүн жоопкерчилик менен мен эч качан казинодо ойногон эмесмин жана кумарчы эмесмин деп белгилегим келет. Мунун баары ойдон чыгарылган.

- Ушул жылы Париж клубунун жыйынынан кийин Аскар Акаевге президенттик кызмат милдетин мөөнөтүнөн мурда өткөрүп кетүү жөнүндө сунуштар болгон деген маалыматтар айтылууда. Сиз Каржы министринин кеңешчиси катары ошондой сунушту уккан белеңиз?

- Таптакыр туура эмес. Тескерисинче, Париж клубунун карызды жоюусуна президент Аскар Акаев демилгечи болгон. Бул маселе боюнча 3 жыл эмгектенип, аны мыкты аткарганбыз. Мында ошол кездеги Каржы министри Болот Абилдаев жана министрликтин эмгеги чоң. Эч кандай саясий шарт коюлган эмес. Тескерисинче, Американын өкмөтү Париж клубуна басым жасап, карызды жоюуну президенттик шайлоо менен, Акаев кетем дегенден кийин гана жоебуз деп байланыштырууга аракет кылган. Европанын клубга мүчө өлкөлөрү Кыргызстан 3 жылдык программаны жакшы аткарды ошон үчүн жоебуз деп, саясат менен экономиканы аралаштырууга макул болбой коюшкан. Ооба, кээ бир өлкөлөр, анын ичинде АКШ процессти саясатташтырууга аракет кылган.

- Эми Кыргызстандын азыркы бийлигинин аракетин кандай баалап жатасыз?

- Кыска гана мезгил өттү. Аларга окшоп жамандагым келген жери жок. Мезгил өткөндөн кийин белгилүү болот. Бир гана жери алардын экономикага көңүл бурбай жаткандыгы Каржы министринин мурдагы кеңешчиси катары мени кейитип жатат. Жазгы талаа жумуштары убагында бүткөн жок. Кышка даярдык жок. Газ, көмүр маселеси чечилген жок. Ысыккөлдө эс алуу болбой жатат. Интригалар менен эмес экономика менен алектенүү керек. Баарына Акаев күнөөлүү деген сөз менен элди багуу мүмкүн эмес. Эл аны түшүнүп калды. Мен депутаттык милдетимди аткарууга киришээрим менен өкмөттүн ишин мониторинг кылууга аракет кылам. Маалымат согушун токтотууга мезгил жетти.

- Сиз Урмат Барыктабасов менен таанышсызбы,17-июндагы окуянын артында Акаев турат деген билдирүүлөргө берер жообуңуз кандай?

- Ооба, мен аны менен таанышмын. Ал «Кыргызгазда» иштеген кезде мен Каржы министрлигинде иштечүмүн жана ал тез-тез келип ишканасынын көйгөйлөрүн чечип турчу. Бирок акыркы 5-6 жылдан бери көрө элек болчумун. Анын артында Адил жана мен турат дегендери калп. Адил аны такыр билбейт. Мен иш боюнча гана кезикчүмүн. 17-июндагы окуяга мен жана менин туугандарымдын бири да катышкан жок. Мен ал кезде Москвада болчумун. Бул жөнүндө депутаттар жакшы билишет. Мунун баары биздин үй-бүлөгө оодарып салуу модасынан улам болууда. Албетте, азыркы бийликке күнөөнүн баарын бизге оодара берүү оңой. Анткени, бул алар үчүн алгачкы сыноо. Элдин баары өкмөткө ыраазы эмес.

- Аскар Акаев Кыргызстанга качан кайтууга ниеттенип жатат?

- Анын келгиси келип жатат. Президенттик шайлоо өтүп, баары тынчып, жаңы бийлик коопсуздугун камсыз кылгандан кийин келет. Өзү деле бул жөнүндө интервьюсунда айткан. Биз бул жерде түбөлүккө калбайбыз. Өз мекенибизди сагындык. Ага эч ким экономикада чоң ката кетирдиң деген айып койгон жери жок. Баары үй, мүлккө гана байланыштуу жана имиш деңгээлинде болууда. Бирок аларды эмнегедир тактай алышкан жок го…

- Демек, сиз ушул күздө Кыргызстанга кайтып келет турбайсызбы?

- Албетте, ага чейин округума барып, ал жердеги адамдар менен пикир алышам. Андан кийин депутаттык милдетимди аткарам. Албетте, ага чейин тартип коргоо органдары дагы бир аракеттерди эле көрүп жибербесе…

- Сиздин кыргыз элине айтаар кандай каалоңуз бар?

- Албетте, ушундай окуя болгону абдан өкүнүчтүү. Менин атам мамлекет үчүн абдан көп эмгек өтөдү. Аны эл билет деген ойдомун. Ал ушинтип кетпеши керек болчу. Ал кызматтан кетүүгө, президенттик шайлоо өткөрүүгө даярданып жүргөн. Эл биздин үй-бүлөгө жабыштырылган каралоо экендигин бара-бара түшүнөт деген ойдомун. Мен элдин баарына тынчтык менен бейпилдикти жана президенттик шайлоонун тынч өтүшүн каалайм. Эң башкысы тынчтык менен өнүгүү болсун жана Кыргызстан демократиялуу өлкө бойдон калышын тилейм.

- Маегиңиз үчүн рахмат!
XS
SM
MD
LG