Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

ӨЗБЕКСТАНДА БИЙЛИК ТАРАБЫНАН УКУК КОРГООЧУЛАР ЖАНА ЖУРНАЛИСТТЕРДИ КАРМОО УЛАНЫП ЖАТАТ


Замира Кожобаева, Прага Жекшемби күнү өзбек полициясы тарабынан укук коргоочулар жана “Азаттыктын” жергиликтүү кабарчысы камакка алынган. “Азаттыктын” Анжияндагы кабарчысы Гафур Юлдашевдин айтымында, ал чайканада бир нече укук коргоочулар менен маек куруп жаткан мезгилде полиция келип, аларды кармап кеткен да, төрт саат сурак жүргүзгөндөн кийин гана кое беришкен.

27-июнь күнү эртең менен Өзбекстандагы тыюу салынган “Эрк” партиясынын мүчөлөрү Исраил Халдаров менен Садирахун Суфиев Анжиян шаарындагы Жаңы базардагы “Кербен” чайканасында “Азаттыктын” кабарчысы Гафур Юлдашев менен маектешип отурушкан. Андан аркы окуяны кабарчы мындайча сүрөттөйт:

-Мен Жаңыбазардан “Эрк” партиясынын мүчөсү Исраил Халдаровду жолуктуруп, экөөбүз “Кербен” чайканасына чай ичүү үчүн бастык. Биз кирээрибиз менен жаш сержант келди. Ал өзүн Абдишүкүр деп тааныштырды. Анан ал чыгып кетип, 3-5 мүнөт өткөндөн кийин, жети-сегиз киши кирип келишти. Айрымдары полиция формачан, кээ бирлери жөнөкөй кийинип алышкан экен. Алар биздин кийимдерибизди тинте башташты. Мен “журналистмин” деп айтсам, “кыймылдабаңыз” деп коюп, чөнтөктөрүбүздүн баарын кыймылдатпастан отурган жерибизде аңтарышты.

Ошондой эле чайканадагы эркектердин баары тинтүүдөн өтүшкөн. Андан кийин полиция кызматкерлери рация аркылуу дагы кошумча күч чакырышып, бир нече убактан кийин чайханадагы эркектердин баарын полиция бөлүмүнө алып барышкан.
Бул тууралуу “Эрк” партиясынын мүчөсү Исраил Халдаровдун төмөнкүдөй баяндады:

-Алардын баарында курал бар экен, бизге “кыймылдабагыла” деп кыйкырышты да, баарыбызды ортого алып курчап алып, “Кербенден” алып жөнөштү. Менин тамеки же ширеңке сатып алуу тууралуу өтүнүчүмө терс жооп болду. Мен бирдеме сатып алымыш болуп, кимдир-бирөөлөргө өзүбүздүн абалыбыз тууралуу билдирейин дегем. Бирок көчөдө полиция кызматкерлери көп экен жана алардын күзөттүк машинасы туруптур. Алар тим эле кылмышкерлер тобун кармап алышкандай аракеттерди жасашты.

Кармалгандар ИИМдин шаардык бөлүмүнө алынып келинишкен. “Азаттыктын” Анжияндагы кабарчысы Гафур Юлдашев алар бөлүмдө дагы бир нече жолу тинтүүдөн өтүшкөндүгүн айтат:

- Биз ал жерге кирээрибиз менен дагы чөнтөктөрүбүздү тинтип башташты. Алар менин аспаптарымды алышты. Мен аларга бул менин диктофонум экендигин айттым. Алар менден унчукпоомду талап кылып, диктофонду да, микрофонду жана башкаларын да алып алышты. Бизди экинчи бөлмөгө алып кирип, ал жактан да тинтүүгө алышты. Андан кийин үчүнчү бөлмөдө дагы аңтарышты. Алардын эч кимиси өзүн тааныштырышкан жок. Мен алардан аты-жөнүн сурадым, өзүмдүн документтеримди көрсөттүм. Алар биздин баарыбыздын документтерибизди текшеришип, өздөрү эч кандай кагаз да көрсөтүшкөн жок.

Ал эми укук коргоочу Исраил Халдаров полиция кызматкерлери анын буюмдарынын бир бөлүгүн: документтер жана дискеттерди эч кандай протокол түзбөстөн эле тартып алышкандыгын айтты. Анын сөзү боюнча, документтердин арасында Анжиян окуясына түздөн-түз тиешеси бар 23 бизнесмендин сот иши тууралуу да кагаздар болгон.

-Мен Акрамиячылар катары соттолуп жатышкан ишкерлердин акыркы сотуна катышкамын жана менде түрдүү далилдер бар болчу. Ал документтер 11-майдагы сотто соттолуп жаткандардын аты-жөндөрү, алардын баарынын айткан сөздөрү жазылган кагаздар болчу. Алардын айрымдарын өздөрү жазып беришкен, кээ бири оозеки айтышкан эле.

Эске ала кетүүчү нерсе—“Акрамийлер” деп аталып, тыюу салынган экстремисттик диний топко байланышы бар деген айып менен 23 ишкер сот жообуна тартылышкан. Алардын үстүнөн болгон сот жана ага карата нааразылык акциялары 13-майдагы Анжиян козголоңуна жана бийлик менен элдин ортосунда кагылышуудан жүздөгөн адамдардын курман болуусуна алып келген.

Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдарынын маалымдашынча, Анжиян окуясынан кийин Өзбекстандын расмий бийлиги тарабынан укук коргоочулар жана оппозициялык көз караштагы атуулдар көп камала баштагандыгы байкалууда.

XS
SM
MD
LG