Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:45

Төрөкул Дооров, Прага АКШнын президенти Жорж Буш америкалыктарга кайрылуу менен чыгып, аларды Ирак согушуна карата сабырдуулукка чакырды. Шейшемби күнү кечинде Түндүк Каролина Штатындагы аскерий базада сүйлөгөн сөзүндө Буш Ирактагы конфликт “татаал жана коркунучтуу” болгонун белгилеп, ал соңку зомбулуктарда даана байкалганын айтты. Бирок Буш мезгили келгенде анын стратегиялык планы пайда бере баштаарын, Иракта азыр толугу менен жетише элек коопсуздук барган сайын бутуна туруп, акыр аягында, душманды жеңээрин айтты.

Жорж Буш “Fort Bragg” базасынын аскерлерин жана америкалыктарды Ирак согушу боюнча ишенимди жоготпоого чакырды, анткени, анын айтымында, согуш акыр аягында алардын эле кызыкчылыктарынын жеңиши менен бүтөт.

- Ирактагы жумуш татаал жана коркунучтуу. Көптөгөн америкалыктардай эле, мен да кан төгүлүү менен зордук-зомбулуктун болуп жатканын көрүп турам. Ар бир көрүнүш адамды титиретет, кайгы-муң даана көрүнүп турат. Ушул кан төгүлүүлөрдү карап туруп, америкалыктар “Мына ушул курмандыктар бир нерсеге татыйбы?” деп суроо койгулары келет. Мен жооп берээр элем - татыйт жана биздин өлкөнүн келечектеги коопсуздугу үчүн бул өтө маанилүү

Жакында эле эл пикирин сурамжылоочу уюмдар Бушка карата оң маанайдагы пикирлер кескин төмөндөп кеткенин айтышкан. Мына ушундай эле дагы бир башка изилдөө көрсөткөндөй, эки жыл бою уланып келаткан Ирактагы согушту колдогондор да азайа түшүптүр. Анткени согуш башталгандан бери АКШнын аскерий күчтөрү 1700 аскерди жоготту.

Бирок Буш качан Ирактан америкалык аскерлерди алып чыгып кетүү керектигин айткан жок. Анын оюнда, козголоңчулар ушуну эле күтүп турушат:

- АКШ аскерлерди өлкөдөн чыгарып кетиши менен козголоңчулар азырынча өзүн-өзү коргой албаган Ирактын жаңы өкмөтүнө кол салышат.

АКШ президенти Иракта козголоңчуларды жок кылып, өлкөнүн аскерий күчтөрүн машыктырууну, жабдууну, Ирак элине демократияга карай оор өзгөрүүлөрдө жардам берүү планын колдой турганын айтты.

Ал сыналгыдан Ирактагы кыргынды көргөндө, кыйналып, 2003-жылдын мартынан башталган согуштан бери анча деле чоң прогресс болбогонун түшүнгөнүн айтты. Бирок ошол эле маалда, Буш Ирак согушунда жетишилген ийгиликтерди да санап өттү.

- Чет элдик жана ирактык террористтер өлкөнүн көз-карандысыздыгына өтүүнү токтото алышкан жок. Алар биздин коалицияны бузуп, союздаштарыбызды өздөрүнүн аскерлерин өлкөдөн чыгарып кетүүгө мажбурлай алышкан жок. Алар өлкөдө граждандык согушту баштай алышпады, демократиялык шайлоонун өтүшүн токтотууга кудурети жетпеди. Алар Ирак калкынын өкүлдөрүнөн куралган демократиялык өкмөттү курууга алакыт боло алышкан жок жана алар, акыр аягында, ирактыктарды коргоо үчүн түзүлгөн армия менен полициядан аларды баш тартууга түртө алышпады.

Ал буга чейин деле бир канча ирет кайталагандай, Ирактагы аскерий операцияны “террорго каршы согуш” деп атап, террористтер менен Кошмо Штаттарда күрөшкөндүн оордуна, аларды жеринде, Иракта эле, жок кылыш керек” деп, 2001-жылдын 11-сентябры тууралуу айтып жатканын кыйытып өттү.

АКШ президентинин айткандарын комментарийлеп, Вашингтондогу Америка университетинин профессору Аллан Личман “Буш бул сөзү менен, президент жана согуштун башчысы катарында, соңку сурамжылоонун жыйынтыктарына тикелей жооп бергенге аракет кылды” деди.

- Буш кантип болсо да “Ирак боюнча маселеде биз туура жолдо баратабыз” деп, америкалыктарды ишендирүү жана өзүнүн рейтингин көтөрүү зарыл экенин түшүнүп турат. Президенттин алдында чынында эле татаал милдет турат, анткени бул суроодо ага каршы чоң коомдук пикир бар.
XS
SM
MD
LG