Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:03

ЖҮГӨН, НОКТОНУН ЖАСАЛЫШЫ ЖАНА ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ


Жүгөн, нокто - ат жабдыктардын бири. Кыргыздар жүгөн, ноктону түрлөнтүп өрүп, күмүш жалатып, оюу басып, унаанын түрүнө, ыңгайына жараша түргө бөлүп келишкен. Жүгөн менен балдарды бешикке салаарда ырымдап, ооругандарды эмдеп-домдоп да коюшчу.

Кыргыз эли илгертен мал-жандуу болуп, малды ноктолоп, атка аземдеп жүгөн тагып минип келген. Атка жеңил жана ыңгайлуу нокто, жүгөндү баалаган. Малдын бардык түрүнө нокто катып, байлап коюшчу. Атка нокто катып, жүгөн да салып, эки тизгин, бир чылбырды колго алган. Айрым учурда аламан байгеге ат чабылганда же алыс жолго чыкканда ноктону алып коюшуп, жүгөн гана катылчу. Минген атына салынган жүгөн, ноктосуна карап эле кандай адам, кадыр- баркы, ким экенин боолголоп коюшчу.

Жүгөндүн түрлөрү жана жасалышы тууралуу бул өнөрдү ата-бабасынан мурастаган уста Ислам Исраилов мындай деди:

- Жүгөндүн негизги бөлүктөрү кашы, капталы жана маңдайы, ооздугу болот. Жүгөндүн каптал жактарынын ылдыйкы жактарына тогоолор бекитилип, ага ооздук тагылат. Кыргыздар жүгөн, ноктону күмүштөп, зергерчилик менен аземдеп, кооздоп жасашкан. Кыз- келиндер үчүн өрүмдөп, кооздоп өзгөчөлүк менен кыйып жасап келишкен. Ат чабышка түшкөн аргымактар үчүн жүгөн токтогон кайыштан жеңил жасалат. Тизгин, жүгөн катуу тартылганда үзүлүп кетпес үчүн токтогон, эски кайыштан жасоону усталар эске алышкан. Күмүштөн же темир, жезден да кооздоп жүгөн, нокто жасалган. Аны зергер усталар гана аземдеп кооздогон.

Кыргыз усталары жасаган ат жабдыктарын, айрыкча жүгөн, ноктого чет элдиктер абдан кызыгаарын “Кыял” элдик кол өнөрчүлүк бирикмесинин директору Султанбек Макашов белгилеп, мындай деди:

- Кыргыздын ат жабыктары, жүгөн, ноктосу башкалардыкына салыштырмалуу өзгөчөлөнүп айырмаланып турат. Учурда жүгөн, ноктонун актуалдуулугу жоголмок тургай өтө зарыл буюмга айланып баратат. Биздин усталар дагы ушундай ыңгайлуу жана эл аралык үлгүдөгү ат жабдыктарын, жүгөн, ноктону жасап, жаңылык киргизүүсү зарыл. Чет өлкөлүктөр да жеңил көркөм буюмдарды сатып алышкандыктан, жүгөн, ноктону аземдеп жасоо колго алынбай баратат.

Кыргыз эли жүгөн, нокто менен ырым- жырымдарды жасап, оорууларды айыктырып, эмдеп- домдоп келишкенин ысыккөлдүк уста Бакыт Асанбаев айтып берди:

- Эркек баланы бешикке бөлөгөндө бешигине жүгөндү тийгизип, “аргымак миңген азамат болсун, эл –жерин коргогон берен болуп, мал- жандуу адам болсун” дешип ырымдашкан. Анан дагы балдардын оозуна ар кандай жара чыкса, ооздукту тийгизип ырымдаса, айыгып кеткен. Ошондой эле суук тийсе, ооздукту кызарганча ысытып, суу бүркүп, учукташкан. Кыргыз барда бул жүгөн, нокто жасоо өнөрүнүн учугу үзүлбөйт.

Өлкөдө жүгөндү, ноктону аземдеп жасаган усталар саналуу гана. Мыкты усталардын аземдеп жасаган жүгөн, ноктосу бир бодого бааланаарын адистер айтып жүрүшөт. Ал эми карапайым калк жакшы жүгөн, ноктону алууга да чамасы- жетпей эскини эптеп урунуп жүрүшөт. Мал сатканда дагы ырым кармашып, нокто, жүгөнү менен кошо берчү эмес. Аларман өзүнүн нокто, жибин ала барышчу. “Уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы?” дешчү бабалар. Кыргыздарда карыялар каза болгондо өлүмтүгүнө ээр токум, жүгөн, нокто болушу шарт эле.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG