Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Кубанычбек Апас Жогорку Кеңешке кайрылды


БИШКЕК. Президенттикке талапкер болууну каалаган Кубанычбек Апас эч кимден уруксаты жок эле башка маселе каралып жатканда Жогорку Кеңештин жыйындар залындагы борбордук трибунага чыгып, депутаттарга кайрылуу жасады. Ал Борбордук шайлоо комиссиясы аны атайылап бут тосуп президенттикке талапкер катары каттабай жаткандыгын айтып, палатадан эч кандай тоскоолдуксуз токтом менен президенттик шайлоо өнөктүгүнө катыштырууну өтүндү. Көп өтпөй милиция кызматкерлери Кубанычбек Апасты Жогорку Кеңеш имаратынан сыртка чыгарып коюшту. Борбордук шайлоо комиссиясы Кубанычбек Апас Шайлоо кодексине ылайык 50 миң атуулдун колун топтоп, жүз миң сом акча төлөбөгөндүктөн аны талапкер катары каттоодон баш тарткан.

XS
SM
MD
LG