Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:19

Жогорку Кеңеш коомдук-саясий абал боюнча токтом кабыл алды


БИШКЕК. Жаңы өкмөттүн март ынкылабынан кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абалды жөнгө салуу боюнча аракеттери жетишээрлик натыйжа бербей жатат. Мындай мазмундагы токтомду Жогорку Кеңештин депутаттары 30-июндагы отурумунда кабыл алышты. Ошондой эле токтомдо соңку мезгилдери өлкөдө ар кандай мыйзам бузуучулук аракеттер улантылып жаткандыгы жана жаңы бийлик бул максатта өз убагында чечкиндүү чечим кабыл албай жаткандыгы жазылган. Токтомго ылайык өлкөнүн тартип коргоо органдарына өлкөдөгү баш аламандыктарды уюштургандарга тиешелүү чара көрүү тапшырылды. Жогорку Кеңеш өкмөттүн өлкөдөгү коомдук саясий абалды жөнгө салуу боюнча өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматын өткөн апта соңунда угушкан. Талкуу соңунда алар бир жыйынтыкка келе алышкан эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG