Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:29

Коопсуздук кызматынын Парпиев тууралуу маалыматы жок


БИШКЕК. Анжиян окуясын уюштуруучуларынын бири саналган адамдын Кыргызстан аймагында жайгашкандыгы тууралуу маалымат жок. Мындай пикирин жума күнү Коопсуздук кызмат башчысынын орун басары Токон Мамытов Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун билдирүүсүнө ылайык айтты. Ислам Каримов 29-июнда Москвага сапарынын учурунда Парпиев аттуу атуулду Анжиян окуясынын уюштуруучуларынын бири катары санап, аны Кыргызстанда жашырынып турат деп билдирген. Ал эми «Дойче велле» радиосунун кабарчысы Эркин Парпиев менен Кыргызстан аймагында жолуккандыгын радионун орус тилиндеги сайты жазып чыкты.
Токон Мамытовдун билдиргенине караганда, кыргыз-өзбек чегарасындагы ар кандай дестабилдештирүүчү аракеттерге жол бербеш үчүн Кыргызстандын бардык күч структуралары аракет жасап жатышат.

XS
SM
MD
LG