Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:31

CIS EMO байкоочу катары каттоодон өтпөй калышы ыктымал


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы 10-июлга белгиленген президенттик шайлоого катыша турган байкоочуларды жана маалымат каражаттарын каттоого байланышкан маселени карай элек. Ал эми арыз бергендердин жалпы саны 997 болду, алардын - 810у байкоо жүргүзүүнү каалоочулар, калганы маалымат каражаттары. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашты. Ал эми БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун шаршембиде уюштурган маалымат жыйынында билдиргенине караганда, байкоочулардын ичинен КМШ аймагындагы шайлоолорго байкоо жүргүзүүчү (CIS EMO) эл аралык уюм каттоодон өтпөй калышы ыктымал. Мунун себебин төрага уюм тараткан билдирүү менен байланышты. Анын айтымында, уюм шайлоо баштала электе эле байкоочуларды каттоону БШК кечеңдетип атат деп билдирүү таратып, опузалап жатат. Ошондуктан, Абдраимов бул уюмдун акыйкат байкоочу болуп берерине күмөнсүнүүсүн билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG