Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Ирандын учурдагы президенти шайлоо адилетсиз өткөндүгүн айтууда.


Ирандын учурдагы президенти Мухаммед Хотами өткөн жумада аягына чыккан президенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөндүгү тууралуу билдирүү менен чыкты. Ал өз сөзүнө далил болуп бере турган документтерди жарыя кылаарын билдирип жатат. Хотами документтерди жаңы шайланган президентке, өлкөнүн руханий жетекчиси Аятолла Аль Хаменейге жана Жогорку сотко берерин айтты.

Ирандын учурдагы президенти жаңы шайланган президент Махмуд Ахмединежадга бийликти август айынын башында өткөрүп бере тургандыгы белгилүү.

XS
SM
MD
LG