Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

ЕВРОБИРИМДИКТИН ЖЕТЕКЧИЛИГИ ООР КЕЗЕҢДЕ АЛМАШЫП ЖАТАТ


Төрөкул Дооров, Прага 1-июлдан тарта Британия жарым жыл бою Евробиримдикте төрагалык кылат. Ушул тапта Биримдик бир канча жылдардан бери алгачкы ирет оор учурду баштан кечирүүдө. Британия Евросоюздун узак мөөнөткө эсептелинген казынасын каржылоо маселесинде калган 24 мамлекет менен макул эмес жана жакында казына боюнча өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыксыз аякташына көптөр Британ премьери Тони Блэрди айыпташууда. Блэр болсо, өз кезегинде, алты айлык төрагалык мөөнөтү учурунда Биримдикте чечкиндүү экономикалык реформаны өткөрүүнү убада кылды.

Мунун баары жаман бүтсө, Евробиримдиктеги ич-ара нааразылыктын дагы да курчушуна алып келиши мүмкүн. А эгерде ийгиликтүү аяктаса, анда жаңыланган Еврошаркетте жаңы башкаруучулуктун мезгили башталганын аныктайт.

1-июль – жума күндөн тартып премьер-министр Тони Блэр Евробиримдикте төрагалык ишин баштап, жарым кылымдык жашка чыккан Европа Биримдигинин жаңы түс-турпатын иштеп чыгуу үчүн укук алат.

Британ премьеринин 23-июнда Европарламентте сүйлөгөн сөзүнүн негизги мааниси – Евробиримдик дүйнөнү өзгөртүү аракетинен тайбашы керек, же эгер андан баш тартса, мындан ары күчүн жогото баштайт.

Блэрдин бул сөзүн Европарламент суук кабыл алды. Ага чейин азыр Евробиримдикте жетекчилиги аяктап жаткан Люксембургдун өкмөт башчысы Жан Клод Юнкер Блэрди Биримдиктин казына маселесин чечүүнү атайылап создуктуруп жатат жана анда “бирдиктүүлүк” сезими жок деп айыптаган эле.

Евробиримдиктин узак мөөнөткө эсептелген казынасы боюнча талкуулар Тони Блэр Британияга берилген жеңилдиктерди кыскартуу тууралуу маселени талкуулоодон баш тарткандан кийин токтоду. Британияга берилген жеңилдик тууралуу суроодо Биримдиктеги калган 24 өлкө Блэрге каршылык билдиришкен. Азыркы тартипке ылайык, чыгыш Европадагы жарды мамлекеттер да Евробиримдиктин бай мүчөлөрүнүн бири Британияга салым кошуп турууга милдеттүү. Британияга берилген жеңилдиктин мааниси – буга чейин британ фермерлери, европалык башка фермерлердей, каржылык жардам алышкан эмес. Ошондуктан, өлкө биримдиктин казынасына, башкаларга салыштырмалуу, азыраак өлчөмдө акча төлөп келди.

Алкактуу реформаларды жүргүзүү боюнча Блэр ишенимдүү чакырыктарды жасап жатканы менен алдыдагы алты ай ичи шаркеттин негизги баалуулуктарында анча деле өзгөрүү болбошу күтүлүүдө. Анткени казына талкуусунда Британия чыныгы далдалчы, же башкы каарман катарында роль ойной алышы көпчүлүк эксперттерде шек туудуруп жатат.

Брюсселдеги Европа саясий окуулар борборунун аналитиги Марио Инсертинин айтымында, Блэр азырынча жалпы кырдаал тууралуу гана сүйлөп, маселенин айрым аки-чүкүсүнө көп маани бербей жатат. Керек болсо премьер-министр өз сөзүн аны менен казына талкуусунда катуу талашкан европалык лидерлерге да багыттаган жок деген пикирин айтат:

- Ал айтайын деген ойлор Европанын учурдагы лидерлерине эмес, Франция менен Германиянын болочоктогу саясатчыларына арналгандай.

Анын ишениминде, Блэр бир канча жылдардан кийин гана өсүп чыгуучу урукту сээп жатат. Ал жаңыртылган Европанын пайда болушун каалайт, андыктан, каражаттын көпчүлүк бөлүгүн фермерлерди колдоого эмес, илимге, билим берүүгө жумшаганды каалайт.

Бул өңдүү максаттарды турмушка ашыруу жетиштүү деңгээлде оор болмок. Бирок Блэр муну менен эле чектелген жок. Жалпы Европа үчүн жумушчулардын коопсуздугу, социалдык абалды көтөрүү өңдүү маселелер батыш европалыктар үчүн маанилүү болуп жаткан кезде, ал бул маселелерге аз көңүл буруу керектигин айтып жатат.

- Бул чынында эле бири-бирине карама-каршы келген көрүнүштөр. Анткени франциялыктар Евроконституция боюнча референдумда ага каршы добуш беришкенде, Британиянын Тышкы иштер министри Жек Стро элдин тынчын алган маселелерге көңүл буруп, лидералдуу болушубуз керектигин айткан эле, - дейт Инсерти.

Братиниянын өкмөт башчысы социалдык маселелерге көп көңүл бурбаганы менен, Евробиримдиктин дагы да кеңейишин каалайт. Кантсе да алдыдагы алты ай кызыктуу окуяларга бай боло тургандай.
XS
SM
MD
LG