Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

МАСКӨӨ БЭЭЖИН ОРТОСУНДА - ЭГИЗ КЫЗЫКЧЫЛЫК


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияга бейшембиден тартып төрт күндүк иш сапары менен Кытайдын жетекчиси Ху Цзиньтао келди. Ал Москвадан сырткары Новосибирскиде болот. Орусиялык Биринчи канал жана ИТАР-ТАСС агенттигине берген маегинде Ху Цзиньтао 2010-жылы эки өлкө ортосунда товардын чуркоосу 80 миллиард долларга жетет деди. Президент Владимир Путин менен жолугушканда ортодогу башкы кеп экономикалык кызматташтыктын мындан аркы өркүндөшү жана эл аралык маселе болоору айтылууда.

Орусия менен Кытайды бир нече миң чакырым чегара кошуп турат. Эки өлкө ортосунда алака тарыхына келсек, ал жүз жылдап саналат. Бирок алаканын гүлдөгөн кези Советтик тушка дал келет. 1950-жылдары Советтер өлкөсү Кытайга болуп көрбөгөндөй өлчөмдөгү экономикалык жана согуштук колдоо көргөзгөн. Көп өтпөй ал таттуулук акыры чегара маселесинен улам 1969-жылы Даманск аралында ок атышууга алып келген.

Маодон кийинки муун саясатка караганда экономикага катуу көңүл бөлүп, өлкөнү реформалоо жолуна түшкөн. Михаил Горбачевдун саясий реформасы башталганда Кытайда да жандануу болуп, бирок ал 1989-жылкы 4-июндагы Тяньанмэнь
аянтындагы студенттердин көчөгө чыгуусун аттыруу менен тыйпыл болгон.

Бүгүнкү күндө Маскөө менен Бээжинди окшоштурган жагдай деп, анализчилер алардын эл аралык террорчулукка каршы күрөшүп атабыз жарыясы менен Чеченстан менен Уйгурстанда бийликке нааразы болгондорду басууну эсептешет. Андан сырткары Маскөө да Бээжин да чет өлкөлүк адам укугун коргоочулар айткан сынга теригишет.

Бээжин бийлиги бир партия колунда болушу ал мамлекетти батыштык өнүккөн өлкөлөрдү үркүтүп атат дейт Орусиянын илимдер академиясына мүчө корреспондент Василий Михеев:

- Кытайда экономика рыноктук жолдо. Анын дүйнөлүк рынокко аралаштыгы бар. Экономикалык мааниден алып келгенде, батыштык рыноктук демократия Кытайды өнөгүндөй кабылдайт. Саясий мааниден алып келгенде, Кытайда коммунисттик партиянын жеке бийлик жүргүзүшү батыш алдында жат, бөтөн кылып таштайт.

Эки мамлекет азыркы тушта 2001-жылы июлда кол коюшуу болгон «Таттуулукта жанаша жашоо, достук жана кызматташтык келишим» негизинде мамиле жаcашууда дешет. Алардын Борбор Азиядагы кызыкчылыгы алты мамлекет – алардын бири Кыргызстан - ортосунда түзүлгөн «Шайкай кызматташуу уюму» алкагында кесилишет дешет.

Саясий анализчилер баамында, орусиялык-кытайлык алака тарыхында Маскөө биринчи жолу ушунчалык начар өнөк болуп кепке катышышы айтылууда. Жалпы кубаты жана ички дүң продукция көлөмү боюнча Кытай алдында Орусия, болжол менен алганда, беш эсеге төмөн турат.

Ыраакы Чыгыш аймактарында кытайлык экономиканын эпкини азыртан эле тийип атканын «Азаттыктын» ал жактагы кабарчысы Марина Лобода айтат:

- Кытай бүгүн бизди кийиндирип гана эмес, сөздүн толук маанисинде, ичирип-жегизип да атат. Кытайлыктар жашылча жемиштердин 80 пайызын, кыштын күнү жүз пайызга чейинкисин өздөрүнүн жеринде же биздин жерде өстүрүп, Кытайга Орусиядан да тынбай сатыкка деп жүк ташылат. Поюз-поюз темир-тезек, кай бирде, таарып туруп жүктөлгөн согуштук куралдар, электир зымын тартчу темир карагайлар жана карагайлар чыгарылып турат.
XS
SM
MD
LG