Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Таласта жаштардын президенттик шайлоого арналган жумалык акциясы башталды


ТАЛАС. Жарандык демилгелерге колдоо көрсөтүүчү ”Айкөл” борборунун демилгеси менен таластыктар “Таза шайлоо үчүн” деген тынчтык кербенин башташты. Төрт район жана бир шаардан келген 50 улан-кыз шайлоочулар арасында үгүт иштерин жүргүзүп, шайлоо кодексининин беренелерин түшүндүрүү үчүн өз райондоруна жөнөп кетишти. Алар ошондой эле “Айкөл” борбору даярдаган шайлоочулардын укуктары, милдеттери туурасында баракчаларды да таратышат. Шайлоочулардын жашаган жерлери боюнча чогулуштарды, дискуссияларды өткөрүшүп, жарандардын шайлоо укуктары, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн укук, милдеттери туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

XS
SM
MD
LG