Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:31

Баткенде коомдук коопсуздукка байланыштуу талкуу болду


БАТКЕН. Аны облустагы регионалдык координациялык кеңеш жана “Эл аралык толерантуулук үчүн” коомдук фондусунун жергиликтүү бөлүмү уюштурду. Бийлик өкүлдөрү, укук коргоочулар, массалык маалымат каражаттары жана бей өкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышкан отурумда бүгүнкү күндө бийлик, ички иштер, коопсуздук кызматындагыларга коомчулуктун болгон мамилеси, президенттик шайлоо учурунда туула турган пикир келишпестиктер, тигил же бул тараптуу басым көрсөтүүлөр жөнүндө кызуу талаш-тартыштар, сунуш-пикирлер айтылды. Аталган коомдук фондунун Баткендеги бөлүмүнүн башчысы Роберт Авазбековдун билдиргенине караганда, талкуунун жыйынтыгында облустагы бир катар маселелердин тобу аныкталып, алардын кээ бирлеринин үстүндө дароо тигил, же бул уюмдар тарабынан иш алып баруу башталары аныкталды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG