Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:25

Шаардык депутаттар чиновниктерге берилген үйлөрдү кайтарууга аракеттенүүдө


БИШКЕК. Бул күндөрү Бишкек шаардык кеңешинин сессиясы өтүүдө. Депуттар Бишкек шаарынын башкы планын талкуулашууда. Андан сырткары шаардык депутаттар 2000-2005-жылдары мурунку президент Аскар Акаевдин сунушу менен бир катар жогорку даражадагы чиновниктерге, маданият кызматкерлерине мэрия тарабынан квартира берүү маселесин талкуулашты. Депутаттар маданият кызматкерлерине жана спортчуларга бюджет эсебинен квартира берилишин оң баалап, бирок турак жайы бар жогорку даражадагы чиновниктерге үй берилишин айыптап, алар жаңы квартиралардын акысын төлөөгө тийиш, же мамлекетке кайтарып берүүгө милдеттүү деген маселени көтөрүүдө. Квартира алгандар катарында Жогорку Кеңештин мурунку төрагалары Алтай Бөрүбаев, Абдыганы Эркебаев, мамлекеттик кызматкерлер Болот Жанузаков, Эсен Топоев, Турсун Бекболотов жана башкалар бар. Президенттик администрациянын жетекчисинин мурунку орун басары Болот Жанузаков алган квартирасынын жарым акысын төлөгөнүн, ошондуктан аны кайтарбасын «Азаттыкка» билдирди.

XS
SM
MD
LG